Пример HTML-страницы

Баткенде Чернобыль апаатында курман болгондор эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-апрелде Баткен шаарында Чернобыль апаатында болгон авариянын кесепетин жоюуга катышкандарды эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын биринчи вице-мэри Акылбек Орозов, жергиликтүү мекеме, ишканалардын башчылары жана Чернобыль кесепетин жоюуга катышкан ардагерлер катышты.

Баткен шаарынын биринчи вице-мэри Акылбек Орозов Чернобыль ырсыгын жоюуга Баткен шаарынан барган 8 адамдын ичинен бүгүнкү иш-чарага алардын үчөөсү гана катышып отурганы өкүнүчтүү экендигин белгиледи. Митинг реквиемдин жүрүшүндө апаатта каза болгондор үчүн тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбагына багышталып кураан окутулду. Жергиликтүү бийлик тарабынан район, шаарлардан келген ардегерлер үчүн сый-тамак уюштурулуп, чакан концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE