Пример HTML-страницы

Баткенде 3 айда 1156 унаа айып короо жайына киргизилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде 3 айдын ичинде жол эрежелерин бузган айдоочуларга 11611 протокол толтурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 2024-жылдын 3 айын жыйынтыктоо боюнча кеңешмесинде айтылды.

Маалым болгондой, кеңешмеге Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары Бахтияр Балтабаев ЖКККБнын башчысы Мустапакул Назаров баш болгон кызматкерлер катышты. Жол сакчылары тарабынан 3 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн мамлекеттик бюджетке 5 млн 29 миң 975 сом өндүрүлүп, жол эрежесин бузган айдоочуларга 11611 протокол толтурулган.

Алардын ичинен:

— Унаага тийиштүү документтери жок айдоо – 172 факты;

— Мас абалында авто унаа башкаруу – 221 факты;

— Ылдамдыкты ашыруу – 1261 факты;

— Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатуу – 16 факты;

— Коопсуздук курун тагынбай унаа башкаруу – 2940 факты;

— Башка жол эрежесин бузгандар үчүн – 7001 факты;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1156 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE