Пример HTML-страницы

Балыкчыда 12 жаштагы кызды унаасы менен сүзүп, качып кеткен 24 жаштагы айдоочу кармалды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 12 жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жыдын 15-мартында саат 14:20 чамасында Балыкчы шаарынын Чкалов көчөсүнүн 2010-жылы туулган тургуну А.Б. Балыкчы шаарынын Аманбаева көчөсүндө баратканда, белгисиз айдоочу автоунаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жаш өспүрүм А.Б. Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Балыкчы шаардык ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу — Балыкчы шаарынын 1997-жылы туулган тургуну А. уулу Н. экендиги аныкталган. Ал «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унаасы менен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Унаа айып жайга токтотулуп, Балыкчы шаардык тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE