Пример HTML-страницы

Балта менен жиликтелген денеси ажатканага ташталып, башы өрттөлгөн тургундун өлүмү. Баткендеги окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облустук сотунун соттук коллегиясы Бужум айылында киши колдуу болгон тургундун өлүмү боюнча апелляциялык даттануулар жана апелляциялык сунуш боюнча кылмыш ишинин материалдарын карап, 2023-жылдын 26-майында өкүм кабыл алды.

Буга чейин Баткен ОИИБ 2021-жылдын 17-октябрь күнү Бужум айылында дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денеси табылганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, айылдын 1988-жылы туулган тургуну Ж.Т. 17-октябрдан тарта дайынсыз болгон. Бул боюнча 19-октябрь күнү анын бир тууган эжеси милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факт Баткен РИИБде катталып, издөө иштери жүрө баштаган. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бужум айылындагы турак үйдүн ажатканасынан 1988-жылы туулган Ж.Т.нын жансыз денеси табылган. Ал жерге 13 куткаруучу барып, жансыз денени чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул кылмышка шектелип Баткен шаарынан Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну М.И. уулу менен анын 28 жаштагы бир тууган иниси Ж.Н. кармалган.

Алдын ала маалыматка караганда, маркум Ж.Т. менен жубайынын ортосунда уруш чыккан. Кылмышка шектелип кармалгандар Ж.Т.нын аялынын бир туугандары болуп чыккан. Алар бир тууганын сабагандыгы үчүн Ж.Т.ны өлтүргөн деп божомолдолгон. Дененин бөлүктөрү ар кайсы жерден, ажатканадан дагы табылган.

Ачык соттук отурумда эки айыпкер отурду:

  • Ишенбек (аты өзгөртүлдү, М.И. уулу) 1990-жылы Баткен районунда туулган, билими жогорку, жеке ишкер, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы, мурда соттолгон эмес. 2021-жылдын 21-октябрынан бери камакта.
  • Жамалбек (аты өзгөртүлдү, Н.Ж.) 1993-жылы Баткен районунда туулган, студент, үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы, мурда соттолгон эмес. 2021-жылдын 21-октябрынан бери камакта.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, ага-ини — Ишенбек менен Жамалбек 2021-жылдын 17-октябрь күнү бир тууганы — 1991-жылы туулган Сырганы (аты өзгөртүлдү, С.И. кызы) күйөөсү — 1988-жылы туулган Таалай (аты өзгөртүлдү, Ж.Т.) өз ара пикир келишпестиктен улам уруп салгандыгын угуп, Таалайды өлтүрүү үчүн Бужум айылына «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа менен болжол менен саат 23:00 чамасында барышкан.

Таалай жашаган турак үйдүн дарбазасын ачып, унааны киргизип, дарбазасын кайра жабышкан. Андан кийин Таалай уктап жаткан бөлмөгө кирип, жабырлануучуну ойготуп, үчөө ашканага киришкен. Ал жерде сүйлөшүп отурганда Ишенбек Таалайды жип менен муунтуп өлтүргөн. Андан ары Жамалбек менен чогуу жансыз денени паласка ороп, унаанын арткы орундугуна салышкан. Андан соң турак үйдүн жарыктарын өчүрүп, унааны айдап чыгып, дарбазаны жабышкан. Экөө Баткен шаарына жеткенде Жамалбек түшүп калган. Ал эми Ишенбек Таалайдын жансыз денесин Бужум айылына үйүнө алып барып, башын жана колдорун балта менен чапкан. Бөлүнүп калган дене мүчөлөрүн өрттөп, жансыз дененин калган бөлүктөрүн балта менен майдалаган. Аларды капка салып, ажатканасына таштаган.

Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 23-январындагы өкүмү менен Ишенбек Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (адамдардын тобу тарабынан адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин негизинде 2021-жылдын 21-октябрынан баштап өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камактагы бир күнү эркиндигинен ажыратылган бир күнүнө барабар болуп эсептелинген.

Жамалбек Кылмыш-жаза кодексинин 42-беренесинин 2-бөлүгү аркылуу 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (биргелешип адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин негизинде 2021-жылдын 21-октябрынан баштап өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камактагы бир күнү эркиндигинен ажыратылган бир күнүнө барабар болуп эсептелинген.

Айыпталуучулардын ар биринен жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Б.Т.нын пайдасына 100 000 сомдон моралдык зыян өндүрүү жагы каралган.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Б.Т., жактоочусу Ш.А. жана өкүлү Н.М. бул өкүм менен макул болбой, апелляциялык даттануу келтиришкен. Анда Ишенбекти жансыз денени бир канча бөлүккө бөлүп, ажатканага таштап, мазактаганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (адамдардын тобу тарабынан адам өлтүрүү) жана 164-беренеси (маркумдун сөөгүн жана мүрзөнү мазактоо) менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркиндигинен ажыратып берүүнү өтүнүшкөн.

Ал эми айыпталуучу Жамалбекти Кылмыш-жаза кодексинин 42-беренесинин 2-бөлүгү аркылуу 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (биргелешип адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркиндигинен ажыратып берүүнү суранышкан.

Алардын ар биринен жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Б.Т.нын пайдасына 10 000 000 сомдон өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Жабырлануучу Б.Т. жана анын өкүлү Ж.Р. өкүмгө макул болбой апелляциялык даттануу келтирип, анда Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 23- январындагы Ишенбек менен Жамалбек жөнүндөгү өкүмдү жокко чыгарып, экөөнү тең мүлкүн конфицкациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан.

Айыпталуучулар Ишенбек менен Жамалбек жана алардын жактоочусу А.К. өкүмгө макул болбой, апелляциялык даттануу менен кайрылган. Анда айыпталуучу Ишенбекке үч жолу соттук-психиатриялык, соттук-психологиялык экспертиза дайындалгандыгы, алардын корутундуларына ылайык Ишенбектин аракети Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (аффект абалында адам өлтүрүү) менен квалификацияланууга жатары, мындан улам Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 23-январындагы өкүмүн өзгөртүүнү жана айыпталуучу Ишенбекке тийиштүү жаза дайындоону, аталган өкүмдүн айыпталуучу Жамалбекке тиешелүү бөлүгүн жокко чыгарууну жана ага карата актоо өкүмүн чыгарууну суранышкан.

Баткен районунун прокурорунун орун басары А.А. өкүмгө макул болбой, апелляциялык тартипте сунуш келтирип, Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 23-январындагы Ишенбек жана Жамалбек жөнүндөгү өкүмүн толугу менен жокко чыгарып, Ишенбекти 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-15-пункттары менен күнөөлүү деп таап, мүлкү конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратууну, ал эми Жамалбекти Кылмыш-жаза кодексинин 42-беренесинин 2-бөлүгү аркылуу 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-15-пункттары менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратууну суранган.

Ошондой эле Баткен РИИБдин автоунаа токтотуучу жайында токтоп турган «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү автоунааны мамлекеттин пайдасына конфискациялоону суранган.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Б.Т. өкүмгө макул болбой, апелляциялык даттануу келтирип, айыпталуучулар Ишенбек менен Жамалбекти өмүр бою эркиндигинен ажыратууну суранган.

Соттук отурумда айыпталуучу Ишенбек тергөө органдары тарабынан коюлган айып боюнча күнөөнү мойнуна алып, тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, буларды көрсөттү. Анын айтымында, окуя болгон күнү иниси Жамалбек иштеген жерине келгенде экөө үйгө жөнөшкөн. Жолдо инисине карындашы менен күйөө баласы урушуп жаткандыгы тууралуу айткан. Айыпталуучу белгилегендей, Таалайдын үйүнө аны өлтүрүү максатында барышкан эмес.

Ишенбек инисинин Таалайды өлтүрүүгө тиешеси жоктугун көрсөтүп, Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 23-январындагы өкүмүн жокко чыгарып, жактоочу А.К.нын апелляциялык даттануусун канааттандырып берүүнү суранды.

Соттук отурумда айыпталуучу Жамалбек тергөө органдары тарабынан коюлган айып боюнча күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алып, тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, ал көрсөтмөлөрдү милиция кызматкерлери тарабынан физикалык кысымдын кесепетинен бергенин, Таалайды өлтүрүүгө жардам бербегендигин көрсөтүп, жактоочу А.К.нын апелляциялык даттануусун канааттандырып берүүнү суранды.

Соттук отурумда айыпталуучулардын жактоочусу А.К. Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 23-январындагы өкүмүн жокко чыгарып, апелляциялык даттанууну канааттандырып берүүнү суранды.

Соттук отурумда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Б.Т. жана анын ишенимдүү өкүлү А.С. апелляциялык даттанууларды канааттандырып берүүнү суранды.

Жыйынтыгында Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 23-январындагы Ишенбек жана Жамалбекке карата өкүмү өзгөртүлдү.

Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Ишенбектин 2021-жылдын 21-октябрынан 2023-жылдын 26-майына чейинки камакта кармоонун бир күнү эркиндиктен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелинди.

Жамалбек Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, анын 2021-жылдын 21–октябрынан 2023-жылдын 26-майына чейинки камакта кармоонун бир күнү эркиндиктен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелинди.

Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

Өкүмгө нааразы тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттануу, сунуш келтирүүгө укуктуу.

* Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE