Пример HTML-страницы

Баласы менен качып, жан бергенден кийин катып калган келин (уламыш)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынан Араван районуна карай бара жаткан жолдо «келин таш» деп аталган тоо дөңсөлөрү жайгашкан.

Тоолорго назар салса, кыздын жаткан элеси чагылдырылганын байкоого болот. Анда чачы жазылган, төшү байкалган келиндин образын көрүнөт.

Кыргыздар илгертен белгисиз, табышмактуу көрүнгөн көрүнүштөрдүн келип чыгуу себебин так билбесе, балдарга уламыш аркылуу жеткиришкен. Кээ бир уламыштар ойдон чыгарылып, көркөмдөлсө, кээ бир уламыштардын бир аз чындыгы бар.

Араван—Ош жолундагы «келин таш» деп аталып калган тоонун уламышын жергиликтүү тургундар толук билбесе да, уккандарын айтып беришти. Эл оозунда бир замандарда баласы менен качкан келин ошол жерде каза болуп, катып калган деген версия айтылып келет. Ал тоого чыккандар «келин таштын» көзүнөн тамчылап суу чыгып турганын айтышты. Ата-бабалардан айтылган уламыштар бара-бара актуалдуулугун жоготуп, кыскартылып айтылып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE