Пример HTML-страницы

Бакай-Атада кара өрүктүн баасын 19 сомго көтөрүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунда кара өрүктүн 1 кг 19 сомдон алынып жатат. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нургазы Асылбеков билдирди.

«Учурда кара өрүктү 19 сомдон алып жатышат. Анткени азыр элде массалык түрдө өрүк бышып, сатыкка чыгып жатат. Ал эми экспортко чыгарууда кара өрүккө суроо-талап аз болгону баасына таасир тийгизет. 1 аптадан кийин өрүк кургатуучу аппарат алынып келинет. Ага күнүнө 10 тонна өрүк кургатылат деп күтүлүүдө. Мисалы азыр кеткен өрүктөр Россияга жөнөтүлүп жаткандыктан толук быша элек өрүктөр жөнөтүп жатат. Ал эми Казакстанга бышкан маалда экспортко чыга баштайт. Ал учурда баа 20 сомдон кем болбойт деп сүйлөшүп жатабыз. Кечээ 15 сомдон алабыз деп Боо-Терек айылына келген экен. Эл нааразы болуп, айыл өкмөтүн чакырып, биз барып, алуучулар, бааны 19 сомго көтөрүштү», — деди ал.

Баага нааразы болгон тургундар:

Буга чейин Бакай-Ата районунун тургундары кара өрүктүн баасына нааразы болуп, анын баасы 13 сомго түшүп кеткенин билдиришкен.

«Кара өрүк менен оокат кылабыз. Биз Айыл чарба,кайра иштетүү министрлигине нааразылык менен кайрылабыз. Жаңы башталышында 24 сом менен алып баштаган кара өрүктүн учурдагы баасы 1 кг 13 сомго түшүп кетти. Кара өрүк баккан эл анын арзандаганынан эмне кыларын да билбей калышты. Кургатып алууга баарында эле шарт жок», — деген алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE