Пример HTML-страницы

Бакай-Ата районунда эгин жыйноо иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунда эгин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Өткөн жылы өз үлүшүнө 3 гектар жерге күздүк буудай айдаган Ак-Дөбө айылынын тургуну Барат Борошевдин айтымында, ага жаз алды тоют алуу максатында бедени дагы кошумча эккен. Быйылкы жаандуу аба ырайынын пайдасы жана өз учурунда сугат суунун 2 ирет берилиши күздүк буудайдын түшүмүнүн мол болушуна өбөлгө болгон. Жаңы орок мизи салынган аянттан түшүмдүүлүк 65-70 центнерден болорун болжоп жатат. Кезектеги сугаттан кийин жаздагы себилген беденин өсүүсү начар болсо, кайрадан күздүк буудай эгүү ниетинде.

Ал эми Ак-Дөбө айыл аймагында кылкандуу дан эгиндеринен 11 гектарга арпа, 25 гектарга буудай эгилген. Арпа эккен дыйкандар түшүмүн толук жыйнап алып, түшүмдүүлүгү орточо 11 центнерден айланган. Ал эми күздүк жана жаздык буудайлар жаңыдан орула баштады.

Бакай-Ата району боюнча болсо жалпы 568 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери эгилген. Анын 219 гектары жаздык арпа болсо, 222 гектар аянтка жаздык буудай себилген. Ал эми калган 127 гектар аянтка дыйкандар чет өлкөдөн алынып келинген күздүк буудай эгилген. Июль айынын акыркы апта башына карата берилген маалыматка таянсак 59 гектар жердин эгини орулуп түшүмдүүлүк орточо 30 центнерден айланган. Бул сандык көрсөткүчкө мамлекеттик сорт сыноо мекемесиндеги күздүк буудай дагы камтылган. Айрым дыйкандар жалаң эле арпа-буудай айдап жерлерге которуштуруу жасап жатса, айрымдары күздүк жана жаздык эгиндерге тоют бедени кошуп айдатып, алды кургатуу үчүн жыктырып койгон учуру. Түшүм жыйноого район боюнча 9дан эгиндерин жыйноочу комбайндар тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE