Пример HTML-страницы

Аягына эч ким бара албаган сырдуу үңкүр (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushАйдаркен шаарында тоо этегиндеги Сел үңкүрүндө таш доорундагы адамдар жашаганы болжолдонот. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, анын ичине кирип, аягына эч ким бара алган эмес. Узундугу 50-60 чакырымга чейин болушу мүмкүн. Бул үңкүр 50-55 чакырым алыстыктагы Кадамжай районунун Ак-Турпак аймагындагы Түз үңкүрү менен туташып калышы да ыктымал.

  • Сел үңкүрүн 1971-жылдары Өзбекстандык окумуштуулар изилдешип, экспедиция келип, казып текшеришкен.

Жергиликтүү тургундардын дагы бир маалыматы боюнча, 1914-жылдары Айдаркен чытырман токой болуп, 100 жыл мурда адамдар үңкүргө келип жашаганы айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE