Пример HTML-страницы

Ат-Башынын Көк-Күмбөз жолундагы көпүрө кооптуу абалда турат

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Көк-Күмбөз көпүрөсү авариялык абалда туурат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, бул көпүрө аркылуу малчылар Ак-Сайга катташат. Көпүрөнүн жыгачтары чирип, тешилип калгандыктан мал эмес, адам түшүп кетүү коркунучунда турат. Көпүрөнүн узундугу 20 метрди түзөт.

«Көк-Күмбөз жолундагы көпүрө Босого, Ак-Сай менен байланыштырат. Бул жол менен Ат-Башы районунун, Нарын районунун малчылары жана туристтер Көл-Сууга катташат. Каттам көп болот», — деп билдирди айыл тургуну Жамин Нурбаев.

Ат-Башы райондук №20 жол тейлөө мекесинин жетекчиси Замир Аралбаев бул көпүрө жакында жасала тургандыгын билдирди.

«Темир көпүрө келет. Азыр ошонун документи менен жүрөбүз. 15-июнда башталып калат», — деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE