Пример HTML-страницы

Ат-Башынын 17 жаштагы окуучусу чакан бизнес баштады. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районуна караштуу Большевик айылынын 17 жаштагы тургуну Улукбек Үрүстөмов быйыл Апыш Табылдиев атындагы орто мектебинин 10-классын аяктады. Үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү.

Улукбек окуудан сырткары үйдөгү дыйканчылык, мал чарбачылык иштерине жардам берет. Каарманыбыз жакында эле инкубатор ойлоп таап, жөжөлөрдү чыгарып, багып жатат.

«Негизи мурун тоок бакканга кызыгып жүрчүмүн. Инкубаторду интернеттен карап жасадым. Температурасын бир калыпта кармап туруу үчүн колдонулган терморегулятор, нымдуулугун билип турганга нымдуулук ченегич, ичиндеги жылуулукту айлантуу үчүн вентилятор, жылуулук үчүн лампа, жумуртка тизгенге сетка, пеноплэкс колдондум. Жалпы 10 миң сом акча каражаты кетип, менин чакан бизнесим башталды. Мага жардам берип, колдогон ата-энеме чоң ыраазычылыгымды билдирем, аларга таазим. Алардын ишеничин актаганга аракет кылам.

Мындан тышкары, аккумулятордон 12 вольт алып, кайра 212 вольт чыгарып бере турчу инвентор садым. Аны электр жарыгы өчүп калганда колдонобуз», — деди ал.

Каарманыбыздын айтымында, ал жасаган инкубаторго 90 жумурткага чейин батат.

«Келечекте экономикага салым кошкон инсан болгум келет. Мекендештерибиз чет өлкөгө жумуш издеп кетпеши үчүн иш орундарын камсыз кылгым келет. Негизи, чет өлкөгө чыкпаса деле жумуш табылат. Бизнесмен болгум келет. Көптөгөң кыялдарым бар, ишке ашырганга аракет кылам.

Кыш мезгилинде биздин айылга муз аянтчасын ачып иштетким келет. Бирок ага дагы колдоолор керек болот экен… Быйыл ушул кыялымды ишке ашырганга аракет кылам. Себеби биздин айылда муз аянтча башынан эле жок. Бул балдар үчүн керек, алар башка айылдарга барып жатышат», — деди жаш талант.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE