Пример HTML-страницы

Ат-башылык Малика чет өлкөгө кетүү үчүн 5 тилди үйрөнүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзү жаш болсо дагы жашоо-турмуш, ата-эне жөнүндө ыр саптарын жазып келе жаткан ат-башылык жаш акын Малика Чатаева учурда Абдыралы Керимбаев атындагы орто мектебинде 8-класста окуйт. Жаш талант окуудан сырткары англис тилин үйрөнүп жатат.

Малика Чатаева 2009-жылы Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

«Мектептен сырткары англис тили курсуна барып, ар багытта кароо-сынактарга катышам. Азыртадан пайдубалды жакшы түптөп алсак, кийинкибизге оңой болсо керек деп ойлойм.

Анда-санда көңүлүм келгенде ыр жазам. Онго чукул чыгармам бар. Чакан китеп кылып чыгарсам деген пландар бар. Бирөөлөргө таарынып, ичимде кайгы-капа болгондо, маанайым жок кезде ичимден ыр саптары чыга берет.

Келечекте котормочу болгум келет. Биринчи орунда англис тилин жакшы үйрөнүп, чет өлкөгө кетүүгө аракет кылсам дейм. Азыр англис, немис, француз, түрк, корей тилдерин үйрөнүүгө аракет кылып жатам», — деди ал.

малика

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE