Пример HTML-страницы

Ат-Башыда мектеп директорлугуна болгон сынакта 3 гана талапкер өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 5 жылдан ашуун иштеген 7 мектеп директору кызматтан кеткен. Натыйжада сынак жарыяланып, бош калган калган кызмат орундарга 3 жаңы директорлор дайындалды. Алар:

— Анаркүл Сыдыкова — Бирлик айылынын Апыш Койчуманов атындагы орто мектебинин директорлугуна;

— Уланбек Токтакунов — Ат-Башы айылынын Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин директорлугуна;

— Фатима Касмалиева — Большевик айылынын Апыш Табылдиев атындагы мектебинин директорлугуна.

Төмөнкү 4 мектепке жаңы директорлор дайындала элек:

— Дыйкан айылынын Акиш Капаров атындагы орто мектеби;

— Ак-Талаа айылынын Токтомуш Адыранов атындагы орто мектеби;

— Терек-Суу айылынын Анварбек Чортеков атындагы орто мектеби;

— Баш-Кайыңды айылынын Чыпай Асеков атындагы орто мектеби.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE