Пример HTML-страницы

Алыскы Сырт өрөөнүндө топоздор идентификациядан өткөрүлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАлыскы Сырт өрөөнүндө багылып келген топоздор идентификациядан өткөрүлүүдө.

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, Жети-Өгүз району боюнча 2023-жылдын мал санагынын жыйынтыгы менен 3902 топоз катталган.

Учурда топоздорду идентификациядан өткөрүү жана вакцинация иштери аяктоо алдында турганы маалым болду.

Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысынын белгилөөсүндө, чарбада 136 топоз болсо, анын 42си туар. Муну менен катар алар быйыл төл жакшы экенин, топоздор жайы-кышы жайытта кармаларын, тоют жеткирүү иштери колго алынганын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE