Пример HTML-страницы

«Альянс Алтын» салык түрүндө Кыргызстандын бюджетине 13,8 миллиард сом төлөдү

Акыркы жанылыктар

Turmush2015-жылдан бери «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 13 миллиард 804,1 милллион сом чегерген. Аталган сумманын 4 миллиард 295,3 миллион сому 2023-жылдын январь-октябрь айларында төлөнгөн. Бюджетке төгүлгөн салыктын жалпы суммасынан 9,5 миллиард сом алтынды сатуудан түшкөн кирешенин эсебинен төлөнгөн.

Быйыл 10 айда «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана сактоого сатуудан түшкөн каражаттан 2%» беренеси боюнча 995,2 миллион сом чегерилип, анын ичинен Талас облусун өнүктүрүү фондуна 497,6 миллион сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна 298,5 миллион жана Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүүгө 199 миллион сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө «Альянс Алтын» ЖЧКсында 857 кызматкер эмгектенет. Алардын 832си – Кыргызстандын жарандары, 25и – чет элдик адистер. Жалпы кызматкерлердин 60%дан ашыгын Талас облусунун тургундары түзөт. Жумушка алынардан мурда компания тарабынан 361 адам тоо-кен тармагы боюнча окутуудан өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө алардын арасынан 222 киши тандоо комиссиясынан өтүп, Жерүй кенине ишке орношкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE