Пример HTML-страницы

Аламүдүндө Ысык-Көл алып кетип, 1 айдан бери табылбай жаткан кызга жаназа окулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна карштуу Восток айылындагы негизги мечитте Ысык-Көл алып кеткен 4 жаштагы Аишага жаназа окулду. Бул тууралуу кыздын атасы Сабыр Мурдинов билдирди.

Анын айтымында, 12-август күнү жума намазынан кийин Чыгыш мечитинде жаназа намазы окулган. Бирок кыздын апасы Кенжегүл Байтилешева издөө иштери токтула элек экендигин белгиледи.

«Өзүбүз жана ыктыярчылар болуп издөө иштерин жүргүзүп жатабыз», — дешти кыздын ата-энеси.

Кыздын атасы Сабырдын айтымында, алар 17-июлда Ысык-Көлдүн жээгине эс алууга келишкен. Эртеси Айша эжеси менен көлгө барып, жээкке жакын болушкан.

«Катуу шамал болуп, кызды алып кетти. Аялым, кызым жана жээним балондо сууда болушкан. Бул жерде катуу шамал согот. Чуркап барсам, кызым матраста жок экен», — деген ал.

Сабыр кызын 13 күндөн бери издеп жүргөнүн айтат. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен үмүт аз экенин айтты. Ал кызын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен жарандарга кайрылган. «Бизге адам ресурстары керек, акча көйгөй эмес. Эң башкысы кызымды табышым керек», — деген ал.

Анын айтымында, издөө иштери жай болуп жатат.

«Кызым изделип жатканына 10 күн болуп калды. Дагы эле сөөгүн таппай жатабыз. Негизи ӨКМдин кызматкерлери жакшы эле иштеп жатышат. Бирок издөө иштери жай болууда. Мындан 4-5 күн мурун видеого тартып кетишиптир, ошол күнү абдан жакшы издешкен экен. Андан кийин эле издегендер азайып кетти. Мени да туура түшүнүшөт деп ойлойм, кызымдын сөөгүн эртерээк тапсак дейм. Жогорку Кеңешке кандай кайрылсам деп отурам. ӨКМден суранарым, болушунча күч менен жакшы издеп беришсе. Мындан сырткары элден да жардам сурайбыз. Себеби көл жээктерин караганга ыктыярчылар керек болуп жатат. Биз атайын топ түзүп, ошол жактан кеңешип, бөлүшүп иш алып барат элек. Көл жээкте бирөөлөр үйүн бериптир, жолдошум ошол жерде жашап жатат. Күн сайын жаңы үмүт менен табылып калаар деп жатабыз», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE