Пример HTML-страницы

Алайдын Көк-Таш айылындагы сел суу түтүктү агызып кеткен. Тургундар ылай сууну тундуруп ичип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Будалык айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын эли таза суусуз калды. Бул тууралуу жашоочулар билдирди.

Алардын айтымында, 3-4 күн мурун жааган жаандан улам сел жүрүп, таза суу келүүчү түтүктү алып кеткен. Мындан улам айыл эли дарыядан келген ылай сууну тундуруп ичүүгө аргасыз болууда.

Тургундар белгилегендей, таза суу — айылда эзелтен бери келе жаткан орчундуу маселе.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы Кадырбек Мусабаевдин айтымында, таза суунун түтүгүн быйыл 3 жолу сел суусу агызып кеткен.

«Демөөрчү таап, жаңы түтүк алабыз. Бир жуманын ичинде сууну тартып келебиз. Атайын таза суу чыгаруу үчүн долбоор да даярдалып жатат», — деди ал

  • Акыркы каттоо боюнча Көк-Таш айылында 852 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE