Пример HTML-страницы

Алайда чуркап жарышкандар ардагердин колунан акчалай сыйлык алды

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы райондогу 103 жашка чыккан жалгыз ардагер Суранбай Алиев менен бирге белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алгач согушта курман болгондорго арналып тургузулган Жеңиш паркындагы эстеликке гүлчамбар коюп эскерип, куран окушту. Салтанатты Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйөрбек Исаев ачты. Алай районунун акими Каныбек Апбасов чогулган элди Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Ардагер Суранбай Алиевге белек берилип, 50 миң сом акчалай колдоо көрсөтүлдү.

Андан кийин мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери, аскер кызматкерлери жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү 500 жана 1500 метр аралыкка чуркашты. Алдыңкы орундарга ээ болгондорго акчалай сыйлыкты ардагер менен аким тапшырды.

Райондо Улуу Жеңиштин урматына арналган волейбол оюну боюнча мелдештин да жыйынтыгы чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE