Пример HTML-страницы

Ала-Букада апасы жана инилери менен эс алып жүргөн кыздын жансыз денеси табылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычына түшүп жаткан 14 жаштагы кыз каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-июль күнү Орто-Токой суу сактагычында Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу Келте айылынын 2008-жылы туулган тургуну М.О. (каза бала) апасы жана инилери менен сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. Анын чөгүп кеткенин эч ким байкабай калган.

Натыйжада райондогу №73 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылды. Капитан А.Кушумбетов жетектеген куткаруучулар тобу тарабынан кыздын жансыз денеси табылды. Өспүрүмдүн денеси милицияга жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери 4 адам сууга чөктү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE