Пример HTML-страницы

Аксыдагы бейтапкана күлгө айланган. Дарыгерлер айыл өкмөттүн имаратында иштеп жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда үй-бүлөлүк дарыгер тобунун кызматкерлери айыл өкмөттүн имаратында иштеп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов билдирди.

  • Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 1 ай мурун өрттөнүп кеткен болчу.

Каарманбек Байдавлетовдун айтымында, өрттүн себеби тактала элек.

«2023-жылдын 23-декабрынын таңында Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы Абдиваит Долонбаев атындагы Nº5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында өрт кырсыгы катталып, имарат дээрлик толугу менен күйүп кеткен. Ошол учурда жергиликтүү бийлик өрттөн калган документтерди чогултуп, айыл өкмөттүн имаратынан 1 бөлмө берип, кызматкерлерди көчүрүп келген. Ушул тапта ак халатчандар айыл өкмөттүн имаратында калк саламаттыгына кам көрүп жатат. Тилсиз жоо катталганына 1 айдай убакыт болсо да анын эмне себептен келип чыкканы тууралуу жыйынтык чыгарыла элек», — деди Байдавлетов.

Буга чейин Turmush басылмасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Шекеновго шилтеме берүү менен Аксы районунда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратындагы өрттөн дээрлик 6 млн сомдой материалдык зыян келтирилгенин жазган.

№5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 1987-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. 2013-жылы имарат толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE