Пример HTML-страницы

Аксыда 11-класстын окуучусу каза тапты. Өлүмгө чейинки окуя

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районундагы айылдардын биринде 11-класстын окуучусу бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 31-март күнү саат 16:00 чамасында болгон. Бычактан жаракат алган окуучу бала аталган райондун ооруканасына жетпей көз жумган.

Аксы районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары Айсалкын Салиева Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, 31-март күнү 11-класстын окуучусу сан тарабынан бычактан жаракат алган. Анын кесепетинен көп кан жоготуп, каза болгон.

«Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын борборундагы чач тарачта пикир келишпестиктен улам 9-класста окуган бала 11-класста окуган баланын санына бычак сайган. Ал бычакты кайсы жерге бекитип келгенин эч ким көргөн эмес. Айылдын борборунун бир жагында айыл өкмөттүн имараты, бир тарабында оорукана, бир тарабында милициянын айылдык бөлүмчөсү бар. Ал бала коркконунан качып кеткен. Жараат алган бала өзү туруп, оорукана жакка бара жатканда кароол көрүп, ооруканага жеткирип, биринчи жардам көрсөтүп, куткарып калууга аракет кылышкан. Кербендин ооруканасына жетпей, көп кан жоготкондуктан каза болуп калды. Бычак санынын тамырына тийип калыптыр», — деди ал.

Айсалкын Салиеванын айтымында, эки бала эки башка айылдын тургундары, бирок бир мектепте окуп жатышкан.

«Аталган окуучулар Кош-Дөбө айыл аймагындагы Темиркул Мавлянов атындагы орто мектебинин 11-классынын жана 9-классынын окуучулары болгон. Бул окуучулар эки айылдын балдары. Буга чейин алардын ортосунда чыр-чатак болбогонун мектептин социалдык адиси билдирди. Экөө тең толук кандуу үй-бүлөлөрдүн балдары экен. Эмне маселе болгону бизге туңгуюк болуп жатат. 9-класстын окуучусун милиция кармап, камакка алды», — деди Айсалкын Салиева.

——————————————————————————

2023-жылы Аксы районунун аймагында 17 жаштагы өспүрүм жигит бычакталып каза болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча, 2023-жылдын 5-декабрь күнү Аксы РИИБге телефон аркылуу 2006-жылы туулган бала көкүрөгүнө бычактан жаракат алып, жараатынан улам каза болуп калгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул окуя Аксы РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын тургуну — 2007-жылы туулган М.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE