Пример HTML-страницы

Аксакал кайтарылган акчаны кайрымдуулукка берди

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарынын мал базарында жабыркаган карыя милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Манаспай Кадралиев кайтарылган 120 000 сомду кайрымдуулукка берүү чечимине токтолгонун билдирип, кайрымдуулукка муктаж эки адамга жардам көрсөтүүнү чечкенин белгиледи.

Манаспай Кадралиев милицияга арыз менен кайрылып, 16-октябрда болжол менен саат 09:00 чамасында Токмок шаарындагы мал базарда анын курткасынын төш чөнтөгүнөн белгисиз адамдар жылкы ала турган 120 000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген. Ошондой эле, аларга чара көрүүнү суранган.

Бул факт Токмок ШИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында бул кылмышка шектелип 39 жаштагы Г.У. аттуу жаран кармалган. Ал жабырлануучу Манаспай карыяга келтирилген 120 000 сомду толугу менен кайтарып берген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE