Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы жашоочулар акча чогултуп, Баетов—Терек унаа жолуна шагыл төгүп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылынын жашоочулары акча топтоп, Баетов—Терек унаа жолуна шагыл төгүшүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдын айылдык кеңештин төрагасы Чыңгыз Чыпаевдин айтымында, жалпы узундугу 5 чакырым аралыкты түзгөн Баетов—Терек унаа жолунун абалы начарлап, инерттик материалдары калбай, титиреме жолго айланып, анын кесепетинен айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө кыйынчылык жаралып жаткандыктан Терек айылынын жашоочулары аргасыздан акча топтоп, жолго шагыл төгүү иштерин башташты.

«Айылда жалпы 170 түтүн эл жашайт. Ар бир үй 1 миң сомдон акча каражатын чогултуп жана демөөрчлөрдүн жардамы менен жалпы 300дөн ашык унаа шагыл төгүлөт. Айылда жалпы 5 даана «КамАЗ» жана 6 «ЗИЛ» унаасы бар экен. Чогулган каражатка унааларга май куюлуп жатат. Мындан тышкары май куйдурбай, ар бири 10дон каттам бекер төгүп беришүүдө. Чогулган жалпы каражатка 2-2,5 чакырым аралыкка шагыл төгүлөт. Ал эми калган аралыгына дагы төгүүгө демөөрчүлөрдү издештирип жатабыз», — деди Ч.Чыпаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE