Пример HTML-страницы

Ак-Талаада «Ак Мөөр-2023» сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда «Ак Мөөр-2023» сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондук маданият үйү тарабынан жыл сайын уюштурулуп келген «Ак Мөөр» сулуулар сынагынын быйылкы сынагы Нооруз майрамына карата өткөрүлдү.

Сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрү:

— «Ак Мөөр-2023» номинациясы менен (баш байге) Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучусу Асема Өмүрбекова;

— «Ак-Талаа периси» номинация менен (1-орун) Ак-Кыя айылынын Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебинин окуучусу Айдай Улукбек кызы;

— «Акыл карачач» номинация менен (2-орун) Чолок-Кайың айылынын Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин окуучусу Аяна Майрамбекова;

— «Ажарлуу пери» номинация менен (3-орун) Ак-Чий айылынын Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин окуучусу Акылай Жунусова;

— «Өнөрлүү пери» номинациясы менен Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Айпери Кубанычбек кызы;

— «Жылдыздуу кыз» номинациясы менен Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов атындагы орто мектебинин окуучусу Ибарат Токтогонова сыйланды.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE