Пример HTML-страницы

Ак-Суунун Чельпек айылында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата кичи футбол аянтчасы ачылып, бир катар жарандар сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Чельпек айылында кичи футбол аянтчасы Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Челпек айыл аймагына Челпек, Бурма-Суу, Таш-Кыя айылдары кирет. Жалпысынан 7 975 адам жашайт. Буга чейин айылда спорт менен машыгууда футбол аянтчасын куруу муктаждыгы болгон.

«Кичи футбол аянтчасын куруу — мезгил жана жаштардын талабы. Биздин айыл өкмөттө биринчи жолу салынып жатат. Үч жыл мурда демилге көтөрүлүп, Ак-Суу райондук фондунан 1 млн 300 миң сом каралган. Айыл тургуну, жеке ишкер Алмаз Токтогулов демөөрчүлүк кылып, айыл тургундарынын салымы менен 3,5 млн сомго бүткөрүп алдык. Ачылыш аземге келген коноктор жана айыл эли ушул жерден белгилүү инсандар чыгышын тилек кылышууда», — дейт Чельпек айыл аймагынын башчысы Салават Кадаев.

Кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылышы менен катар Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата айылдын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды.

«Чельпек айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына ээ болгондор:

— Ахмедов Ахмеджон Рузиевич;

— Токтогулов Алмаз Анварбекович;

— Асан Давлетов;

— Ильязов Данил;

— Жыргалов Эрлан Шабданбекович;

— Кыдырбаев Канат Турганбекович;

— Орозобекова Динара Осмоновна;

— Текебаев Кубан;

— Коноева Халиман;

— Субанова Аида Идрисовна.

Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыгына төмөнкүлөр татыды.

— Сариева Бактыгүл Байбосуновна — Чельпек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары;

— Турдумахметов Нурлан Бактыбекович — Чельпек айылдык кеңешинин депутаты;

— Жумаев Салават Султанбекович — Чельпек айылдык кеңештин депутаты;

— Алчикеев Ильмар Бактыбекович — коомдук ишмер;

— Хуптуев Адилет Турсунбекович — греплинг боюнча спорттун чебери;

— Махмедов Сыймык Талантбекович — греплинг боюнча спорттун чебери;

— Сапаргалиев Мирлан Кубанычбекович — греплинг боюнча спорттун чебери;

— Турсунов Актан Канатбекович — греплинг боюнча спорттун чебери;

— Мукашев Анарбек Нурбекович — греплинг боюнча машыктыруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE