Пример HTML-страницы

Ак-Сайдын тургуну агасы менен иниси кантип өлтүрүлгөнүн айтып берди (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushТажикстандын куралдуу кол салуусунун жүрүшүндө Баткен районунун Ак-Сай айылынын 5 тургуну өлтүрүлдү. Бул маалыматты айыл өкмөттөн тастыкташты.

Каза болгондордун арасында 1965-жылы туулган Зулпукаров Муктарбек Аврорович жана анын уулу Муктарбек уулу Мыктыбек бар.

Муктарбек Б.Ходжаев атындагы мектепте кароолчу болуп иштечү. Жаңжал болуп жаткан күндөрү социалдык тармактарга аталган мектептин имараты басылып алынып, Тажикстандын желеги илингени тууралуу видео тараган.

Бул маалыматты президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев тастыктаган.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 19-сентябрда алдын ала маалыматтарга шилтеме берүү менен Ак-Сай айылында 180 турак үй өрттөлгөнүн билдирген. Бул айылда жалпы 500дөй үй бар. Ошондой эле башка инфратүзүмдүк объекттер талкаланды.

Ак-Сай айылынын тургуну Тажикстандын аскер кызматкерлери анын агасын жана анын уулун мыкаачылык менен өлтүрүшкөнүн айтып берди.

«Мыкаачылык менен өлтүрүп, күйгүзүп салышыптыр. Адамдын акылына сыйбаган нерсени, айбандын ишин кылып жатышат. Үйлөрдүн бирин да калтырбай күйгүзүп, тоноп, мал-жанды айдап кетип, бардыгын жок кылышты. Айылга баруунун кажети жок. Биз көчөдө калдык.

Агам мектепте кароолчу эле. Мектептен чыкканда өлтүрүп, инимди 15-20 ок менен тытып салышкан. Ушунчалык мыкаачы болобу? Көмгөнү барганга аракет кылып, бирок жолдон өтө алган жокмун», — деди тургун.

———————————-

18-сентябрда саат 22:00гө карата алынган алдын ала маалымат боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 59 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 163 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE