Пример HTML-страницы

Айжандын интернет аркылуу тапкан сүйүүсү

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 24 жаштагы Айжан Мазарбекова. Ал орус улутундагы Андрей Лиходед аттуу жаранга турмушка чыгып, учурда Москва шаарында жашайт. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мен Бишкек шаарында жарыкка келгем, бирок Токмок шаарында чоңоюп-өскөм. Турмуш жолуна былтыркы жылы аттандым. Жолдошум Андрей Лиходед 1989-жылкы, Бишкек шаарынан болот. Экөөбүз Инстаграммдан таанышып калганбыз. Башында жөн эле сүйлөшүп жүрдүк, 3-4 жолугушуудан кийин мени жактырып калганын айтты. Улам-улам жолугушууларга чакырып, мага “үйлөнүү той өткөргүң келеби? Кандай үй-бүлө кургуң келет?” деген өңдүү суроолорду бере баштады.

Күндөрдүн биринде Андрей: “мен баары бир Москвага учуп кетишим керек” деп калды. Мен сыртымдан билгизбегеним менен ичимден абдан жаман болуп жаттым. Үйгө келген соң, “демек, мага олуттуу мамиле кылбаптыр. Акыры кетип калат экен да, мага мындай мамиленин кереги жок” деп ичимден сүйлөнө баштадым. Ага көнүп кете электе “кой, баарын жыйыштырайын” деп чечтим. Эртеси кечинде бардык оюмду кат түрүндө жазып, WhatsApp аркылуу ага жөнөтүп жибердим. Аягына ушуну менен карым-катнашыбызды токтотолу деп жаздым. Ал менин катымды окуп, “макул, мен сенин тандооңду сыйлайм. Эгер сен мамилени токтотууну кааласаң, ошондой болсун. Бирок сен шашылыш жыйынтык чыгарып алыпсың” деп жооп берди. Анан түнкүсүн уктар алдында “мени ушинтип, оңой эле коё берип коёбу? Эрте токтотуп койгонум жакшы болгон турбайбы” деп ойлонуп жаттым.

Ал мага 8 сааттан кийин кайра жазды. “Мен бир жолу жана түбөлүккө тандоо жасайм. Сен менин келечекте чогуу жашагым келген адамымсың. Ушул сөздөрдү жолугушуу учурунда айткым келген. Бирок сен шашылыш кат жөнөтүп алыптырсың. Эгер сен менин тандоомду кабыл алсаң, калганын жолугушуу учурунда айтайын” деп кат жөнөттү.

Ага “мен сенин тандооңду кабыл алам” деп жазып, эртеси аны менен жолуктум. Алгач “кел олуттуу мамилеге өтөлү деп айтат го” деп ойлогом. Бирок ал күтпөгөн жерден мага үйлөнүү боюнча оюн айтты. Дагы көп нерселерди сүйлөштүк, тойду жана болочоктогу жашообузду талкууладык. Бир жумадан кийин мага шакегин салып, гүлүн берип, расмий түрдө колумду сурады. Мен макулдугумду берип, тойго даярдыкты баштадык», — деди ал.

Анын айтымында, үйлөнүү той алдында кыргыздын бардык каада-салттары аткарылды.

«Биз жалпы 3 ай сүйлөшүп жүрүп, анан баш коштук. Биздин үйлөнүшүбүзгө ата-энем каршылыктарын көрсөтүшкөн жок. Эң негизгиси бактылуу болсоңор болду деп, ак баталарын беришти.

Биз тараптан кыз узатуу тою өткөрүлсө, Андрей кыргыздын каада-салты боюнча калыңды берип, бардык ырым-жырымдарын аткарды. Тойдон кийин эки жумадан соң мени Москва шаарына алып кетти. Ал жактан таенеси менен тааныштыруу үчүн мени үйүнө алып барды. Дасторкон жайып, баарын даярдап коюшуптур. Анан ордуман тура калып, жаңы келиндердей болуп, чай куюп баштасам, таенебиз чайнекти талашып тартып алды. “Силер коноксуңар, өзүм чай куям, андан көрө даам сызгыла” деп өзү кызмат кылды. Болбосо таенебиз 84 жашта. Бүгүнкү күнгө чейин үйүнө конокко барып калсак, мага идиш жуудурбайт, чай дагы куйдуртпайт. Бирок мен кыргыз кызы болгондон кийин болбой талашып жатып, бир чыны болсо дагы жууп кетем», — деди ал.

Каарманыбыз келечекке койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Ошентип, жаңы үй-бүлөмө дароо эле көнүп кеттим. Ал эми жолдошум Андрей биздеги тойдун көптүгүнө таң калып, дагы деле кабыл ала албай келет (күлүп). Жумуштан кийин чогуу убакыт өткөрүүнү жакшы көрөбүз. Эс алуу күндөрү мени Москванын ар кайсы музейлерине, акванариумдарына алып барып, көңүлүмдү ачып турат. Келечекте эки элди бириктире турган билимдүү, ыймандуу, акыл-эстүү балдарды жарыкка алып келип, тарбиялап-өстүргүм келет», — деп сөзүн жыйынтыктады Айжан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE