Пример HTML-страницы

Айзада Америкага барууну кыялдангандар үчүн тажрыйбалары менен бөлүштү

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну Айзада Курбанкулова. Ал учурда Американын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында эмгектенип жатканын Turmush басылмасына айтып берди.

«Менин түпкү тегим Жалал-Абад облусунунан болот. Бирок борбор калаабыз болгон Бишкек шаарында чоңойгом. Азыркы тапта Чикаго шаарында жашап, иштеп жатам. Муну менен катар мигранттарга англис тилин үйрөтүп, бул жерде тил билип, өзүнүн оюн коркпой жеткире алышына бир аз да болсо өбөлгө болуудамын. Ошондой эле, IT тармагындагы окуумду бүтүрүүдөмүн. Жакын арада бул тармакка сүңгүп кирүү оюм бар. Мен Белвью колледжинин компьютердик илим факультетин аяктадым.

Мектепте окуп жүргөндө эле чет өлкөдө окуу максатым бар болчу. Ата-энем колдон келишинче колдоо көрсөтүштү. Мен дүйнөнү көргүм келчү, жана студенттик виза алгачкы кадамды таштого мүмкүнчүлүк болду», — деди ал.

Анын айтымында, Америка — бул мигранттардын өлкөсү.

«АКШда дээрлик 5 жылдан бери жүрөм, ар кандай штаттарында жана шаарларында жашадым. Көпчүлүгү АКШнын жакшы түшүнө беришпейт, бирок бул жерде ар бир штат өзүнчө өлкө сыяктуу. Мисалы, аба ырайы Чикаго шаарында -30 градус суук болсо, Тынч океандын жээгиндеги Сан-Диего шаарында (Мексика өлкөсү менен чектешет) +30 градус ысык болушу мүмкүн. Болбосо эки шаар тең Американын аймагында жайгашкан.

Америка — бул мигранттардын өлкөсү, бул жерде ар кандай улуттун жана маданияттын өкүлдөрү көп. Мындан улам өзгөчө мегаполистерде өзүңдү бөтөн жерден экениңди элестете албайсың. Негизинен адамдар бири-бирине сый көрсөтүшүп, өзүнөн ылдый эсептөөдөн, сындагандан алыс болушат. Мисалы, англис тилин билбегендерге чыдамдуулук менен мамиле көрсөтүшүп, жардам берүүгө, колдоого алууга аракет кылышканы кубандырбай койбойт», — деди ал.

Каарманыбыз Америкадагы жашоо тууралуу кененирээк айтып берди.

«Климат ар бир штатта ар кандай. Невада жана Техас штатында чөлдүү жерлер көп, ысык жана кургак. Ал эми Вашингтон жана Нью-Йорк шаары тынымсыз жааган жамгыры менен белгилүү. Мен жашаган Чикаго шаарында Кыргызстандагыдай эле 4 мезигили бар, аба ырайы да окшоп кетет, бирок шамал бул жерде катуураак согот.

Албетте, жашоо шарты биздикине караганда алда кайда жакшы, айлык маяна жогору. Ар бир демиңиз — бул чыгаша. “Убакыт — бул акча” деген сөздүн төркүнүн ушул жерден түшүнөсүң. 1 күн эс алуу алып, “бүгүн мен 100 доллар иштеп тапсам болот эле, бирок ал менде жок, анткени мен эс алып жатам” деп ойлонуп каласың. Бул жерде Кыргызстанда жок, кошумча чыгашалар көп.

5 жыл аралыгында көп нерселерге көнүп кетет экенсиң, ошондуктан бул жерде баарынан да эмнелер менин таң калтырарын эстөө кыйынга туруп жатат. Алгач баарынан да мага жаңыча туюлганы — бул камсыздандыруу системасы болду. Сөзсүз түрдө унааңызды камсыздандырышыңыз керек, антпесе кармалып калсаңыз, айып пул төлөйсүз. Ооруканага кайрылбасаң да, медициналык камсыздандырууга ай сайын акча төлөшүң кажет. Бирок бул маанилүү, эгер күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылсаң, сенин чыгашаларың минималдүү түрдө болот. Калган бардык чыгашаларыңды камсыздандыруу компаниясы жабат.

Кредит системасын түшүнүү да алгач оор болгон. Баары кредиттик карталарды колдонушат. Батирди ижарага берүүдө алгач кредиттик тарыхыңызды текшерип, анан гана беришет. Эгер ал жактан кандайдыр бир кемчиликтерди байкап калышса, батирди ижарага берүүдөн баш тартышат. Унаа сатып алуу, батирди ижарага алуу жана сатып алууда да кредиттик тарых маанилүү ролду ойнойт», — деди ал.

Айзада эсинен эч кетпеген окуясы менен бөлүштү.

«Ал кезде Сиэтл шаарында иштечүмүн. Күндөрдүн биринде жумуштан чыгып, аялдамага карай бет алдым. Мен дайым үй-жасыздардын көчөсүн аралап өтчүмүн. Ал жерде алкоголь ичимдиктерин ичкендер, баңгизаттарды колдонгондор жана башка ушундай сыяктуу адамдар көп болчу. Көчөдө кетип баратсам, асфальт үстүндө отурган аял: “тамеки барбы?” деп кыйкырды. Мен анын сөзүнө кулак салбастан сапарымды улай бердим. Бул аны кыжырдантып жиберди окшойт, көп өтпөй жаман сөздөрдү айтып, сөгүнө баштады. Андан соң өзүнөн кетип, мени сабаш үчүн артымдан кууй баштады. Ошондо мен өзүмдүн өмүрүмдү сактап калуу үчүн ушунчалык катуу чуркадым. Ал артымдан “мен сени өлтүрөм” деп чуркап келе жатты. Бул сөзү менин үрөйүмдү учурду. Мен полиция кызматкерин жолуктурганга чейин 3 көчө чуркап келдик. Полиция кызматкерин көргөндөн кийин аял качып кетти. Бирок мен аны автобуска отурганга чейин жанымда туруп туруусун сурандым», — деди ал.

Ал учуда эмне менен алек экенин жана алдыга койгон ой-максаттары боюнча сөз козгоду.

«Азыркы тапта 3 күн иштесем, 3 күн окуйм. Бош убактымда комуз ийримине барып, сүрөт тартам. Көптөн күткөн жаз мезгили да келди. Демек, сыртка чыгып, жакын адамдар менен сейилдөөгө жана отуруштарды уюштурууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жакынкы күндөрү мен компаниялардын бирине жумушка орношуп, айтишник адистиги боюнча иштөөнү көздөп жүрөм. Аны менен катар бош убакыт таап, биздин мекендештерге англис тилин үйрөнүүгө жардам берсем дейм», — деп сөзүн жыйынтыктады Айзада Курбанкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE