Пример HTML-страницы

Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында гүл фестивалы уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 17-август күнү Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Семетей» кинотеатрында гүл фестивалы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Фестивалга райондук мекеме-уюмдардын, мектеп, бала бакчалардын кызматкерлери, гүл өстүргөн апалар катышты.

Иш-чарада бала бакчалардын тарбиячылары жана китепкана кызматкерлери тарабынан кийиз, самын, жемиштерден жасалган гүлдөрдүн көргөзмөсү уюштурулса, жер-жерлерден келген гүл өстүрүүчүлөр өздөрүнүн өстүргөн гүлдөрүн сатыкка коюшту.

Келген конокторго Айтматов райондук билим берүү жана райондук маданият бөлүмдөрү тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE