Пример HTML-страницы

4 баланын энеси Д.Жоробекова мамлекеттен 100 миң сомдук колдоо таап, самын чыгарып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Кара-Суу айылынын 38 жаштагы тургуну Дилафруз Жоробекова «Социалдык келишим» долбооруна катышып, 100 миң сомдук колдоо тапты. Ал учурда бул каражатка самын чыгарып жатат.

Өзүнүн айтымында, күйөөсү экөө 4 баласы үчүн жөлөк пул алышчу.

«Өзүм Чүйдүн Ысык-Ата районунун кызы болом. Кара-Суу айылына келин болгом. Жолдошум экөөбүздүн учурда 2 уул, 2 кызыбыз бар. Үйлөнгөндөн бери эле бири-бирибизди колдоп, чет жакка дагы чыгып, иштеп келдик. Жашоо шартка байланыштуу айылга отурукташып, дыйканчылык менен алектенип жатабыз. Анан 3 балама жөлөк пул алчубуз. Азыр 100 миң сомдук келишим түзүп, самын чыгаруучу станок алдык. Самын чыгарып жатабыз.

Ош тарапта бир келин үйүндө самын жасайт экен. Мага дагы абдан жакты. Аны интернеттен көрдүм. Азырынча даяр сырьё менен чыгарып жатабыз. Бир күндө 2-3 саат убакыт бөлүп, иштеп койсоң болот экен. 1 самын 350 грамм, дүкөндөргө 35 сомдон өткөрүп жатабыз. Экологиялык жактан таза продукция. Келечеги бар иш деп, акырындап кыймылдап жатабыз», — деди ал.

Эки жыл мурун президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде «Социалдык келишим» долбоору ишке кирген. Демилге колунда жок үй-бүлөлөрдү кыйын кырдаалдан чыгаруу жана аларды активдүү иш-аракеттерге шыктандыруу максатын көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE