Пример HTML-страницы

25 жаштагы Исабайдын чет жердеги ийгилиги

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 25 жаштагы Исабай Миназаров. Ал учурда Япониянын Хиросима шаарындагы курулуш компанияда иштеп жатканын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Исабай Миназаров 1 жыл мурун келишимдин негизинде жумушка орношкон. Ал өз өнөрү менен өлкөнү таанытып, Япония боюнча өткөрүлгөн сынакта опера жанрында ырдап, кастингден өтүп кеткен. Сынактан өткөн соң ага музыкалык жогорку окуу жайлардын мугалимдеринен сунуштар түшүп жатканын айтат.

«Түбүм Нарындан, бирок Бишкекте чоңойдум. Мектепте окуп жүргөндө эле музыкалык мектепте да билим алдым. Андан соң жогорку окуу жайга — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырып, аны менен чогуу М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына тапшырып койдум. Мугалимдер менен сүйлөшүп, эки жакка тең жетишип окуп жүрдүм. Музыкалык окуу жайдын комуз бөлүмүн аяктап, андан сырткары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине магистратурага да тапшырып койгом. Музыкалык окуу жайдын башка бөлүмүнө тапшыруу үчүн барганда мугалимдер опера жагына тапшырууну сунушташты. Өзүм ал тараптан пайдубал жок деп чочулап жаткам. Бирок мугалимдер айтканынан тапшырып, 2-курстан академиялык өргүү алууга туура келди.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине окуп жүргөн убакта Япониядагы курулуш компаниянын өкүлдөрү келип, студенттерге сунуш берген болчу. Компания өзү окутуп, алып кетмей болгон. Түрдүү сынактары өтүп, арасынан 8 студент өтүп, дагы кийинки сынактардан мен гана өтүп, компанияга келип иштеп калдым», — деди ал.

Исабай Миназаровдун айтымында, «Masuoka» курулуш компаниясы шаардагы алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат. Ал компанияда тажрыйба топтогону менен чыгармачылыкка тартып жатканын айтат.

«Алгач келгенде жалгызсырап жүрдүм. Япон тилин Кыргызстанда жаттап, жазып жүргөм, бирок азырга чейин эле окуп жатам. Учурда курулуш тармагына тиешелүү терминдерди үйрөнүүдөмүн. Бара-бара Кыргызстандык студенттерге, ишкерлерге жолугуп, таанышып калдык. Япон эли үн-сөзү жок эле маданияттуулугун, тарбиясын көрсөтүп, үлгү болот экен. Эч кандай дин карманбайт, бирок ушунчалык үлгү боло турган мүнөзгө ээ келишет. Ийкемдүү, сылыктыгын көрүп, аларга тең келгенге аракет кыласың. Жоопкерчиликтүү, жумуш саат 08:00дө башталса, алар саат 06:30га келип алышат. Жумушта жаштарга колдоо көрсөтүп, компания ар кайсы жакка жиберип, мотивация берип турат.

Кыргызстандагы жаштарга чет өлкөгө чыгып келүүнү сунуштайт элем. Бизде терс көрүнүш көп, маданият дээрлик жок. Бул жактагы агалар менен сүйлөшүп калсаң, «Кыргызстанда баш көтөрүп калган инилерди бул жакка алып келип, иштеп кеткенден кийин мекенге барсаң такыр өзгөрүп калышкан болот» деп айтып калышат. Япония жоопкерчиликке, сылыктыкка, кичи пейилдикке үйрөтөт. Бирок Кыргызстандын эркиндиги, суусу, тамак-ашы, берекеси жетпейт. Кыргызстанда иштебесең деле тааныш-билиш, тууган-урук деген бар, ачка калбайсың. Бул жакта жашоо кымбат, иштебеген адам жашай албайт», — дейт Миназаров.

Ал сынакка катышып жүрүп, япондорго Кыргызстан тууралуу айтып берген. Алардын арасынан бири калпакка кызыгып, ага калпак белек кылган.

«Кыргызстанды көбүнчө Казакстандын жанындагы өлкө деп тааныштырышат. «Силер япон тилин да билесиңерби?» деп таң калгандары да болгон.

Ырчы Нурчолпон Моцарттын «Свадьба Фигаро» операсына сынак болуп жатканын айтып, катышууну сунуштады. Режиссеру Ивата Татсужи, дирижеру Майку Шибата аттуу таанымал адамдар экен. Сынакка катышуучулар Япониянын бүт аймагынан келишиптир. Алар мындай сынактарга абдан маани беришкендиктен алыскы шаарлардан бери келгендер бар экен. Биринчи кастинг болуп өттү. Операдагы ар бир каарман үчүн бир нече катышуучу болду. Мен Барбаринанын ариясын ырдагам. 2-3 күндөн кийин жыйынтыгы чыгып, мен тандалып алынганымды айтышты. Июнь ичи өз алдынча, июль айында негизги даярдыктар жүрүп, биздин филармонияга окшош жерде даярданып жаттык. Август айы ичи башкы даярдыктар 10 сааттап жүрүп жатты. 27-август күнү 1100 кишилик залда ырдадым. Ушул операда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ырдаган мен болдум окшойт, бирок муну тактап коюш керек. Бул ийгилигим академиялык өргүү алып койгон окуумду улантууга ишеним жаратты. Ошол жерде Кыргызстан тууралуу сурашса, дароо телефонду алып, ат чаап бара жаткан кыргыз жигитти, жаратылышын көрсөтө калып жаттым. Комуз чертип бердим, абдан таң калышты. «Свадьба Фигаро» операсында ырдаган жалгыз чет өлкөлүк болдум», — деди мекендеш.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE