Пример HTML-страницы

23 жаштагы мугалим Перизат Абдыкалыкова кошумча акча табуунун жолун өздөштүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Таш-Арык айылынын 23 жаштагы тургуну Перизат Абдыкалыкова кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Бул өнөргө болгон кызыгуусу 6 жыл мурун жип менен токулган калем сапты көргөндөн кийин башталган.

Жаш кол өнөрчүнүн айтымында, алгач токулган калем сапты бузуп көрүп, жасалуу жолун үйрөнгөн. Калем саптын сыртын жип менен токуп, атын жазып, жакындарына белек катары берип жүргөн. Андан кийин жасаган эмгегине суроо-талап көбөйүп, айылдагы көпчүлүк жашоочуларга жагып, андан сатып алгысы келгендер атайын буюртма берип баштаган.

«Эжем мектепте окуп жүргөндө кайрымдуулук жармаңкесинде калем сап сатып алган. Ал калем сапта жип менен «Жалгызым» деп жазылган болчу. Абдан кызыгып, кандай жасалганын көрүү үчүн буздум. Түшүндүм, бирок дароо эле үйрөнүп кеткен жокмун. Айрым учурларда тамгаларды кантип жазуу керектигин билбей жүрдүм. Жакындарымды кубантам деп эле жасагап баштагам. Андан кийин буюртма түшүп баштады», — деди ал.

Кол өнөрчү керектүү материалдарды Ош шаарындагы жайма базардагы атайын токуу үчүн жип саткандардан алат. Жиптердин үзүлбөгөнүнө, катуу кармаганына карап тандайт. Ал эми калем сапты ар кандай баада сатып алат. Бирок алар жасалгандан кийин баары бир баада сатылбайт. Токулган калем саптар 50-60 сомго, сапаты жакшылар андан жогору бааланат.

Перизат Абдыкалыкова Оштогу жогорку окуу жайлардын бирин окуп бүтүргөн. Азыр мектепте орус тили сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Мектепте окуп жүргөндө үйрөнгөн өнөрү студент кезинде ага өтө чоң пайдасы тийип, бүгүнкү күндө да өнөрүн өркүндөтүү аракетинде жүргөнүн белгиледи.

«Мындан сырткары сайма сайганды, кеп такыя тиккенди, колго тагуучу билериктерди жана диадемаларды жасаганды да үйрөнгөм. Жакындарым ар дайым менин өнөрүмдү колдоп, жакшы сөздөрү менен шыктандырып турушат. Ата-энем да бул өнөрдү өздөштүргөнүмө кубанат. Кызыгып отуруп, ушундай жакшы жол ачылат деп күткөн эмесмин. Азыр да кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрүн үйрөнүп жатам», — деди ал.

Перизат Абдыкалыкова эмгектерин социалдык тармактар аркылуу сатат. Алардын ар бири жасалуу убакытына жана сапатына карата бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE