Пример HTML-страницы

18 жыл болуш болгон Кененбай Байтүгөл уулу

Акыркы жанылыктар

TurmushКененбай Байтүгөл уулу 1835-жылы Ак-Суу аймагынын Ой-Калча деген жеринде туулган. Төрт жашында атасы Байтүгөл көз жумуп, жетимчиликтин азабын тарткан. Бала чагында кой-козу, 13 жашынан жылкы кайтарып, узун бойлуу, кең далылуу балбан болуп чоңойгон. Арык-Белек уруусунун намысын коргоп, ар кандай мелдештерде, чабыштарда жеңишке жетишип, баатыр деген атка конгон. Акылы, жол тапкычтыгы менен айырмаланып турган. 1854-жылы 19 жашында Бугу-Сарбагыш уруусунун урушуна катышкан. Бара-бара эл башкарган атка минерлердин катарына кошулган. Ал Текес жергесине барып жашап, ал жерде кытай аскерлерине көтөрүлүшчүлөрдү басууга кылган жардамы үчүн кытайдын аскердик чин тагылган чапаны менен сыйланган.

Орус падышачылыгынын административдик башкаруу саясатына ылайык, Ак-Суу аймагындагы Түргөн-Ак-Суу болуштугунун калкынын саны 1000 түтүндөн ашып калгандыктан, болуштукту экиге бөлүп, дагы бир болуштук түзүү маселеси каралат. Түргөн-Ак-Суу болуштугунун болушу Кыдыр аке Байсары уулу болгон. Экинчи болуштукка 1876-жылы шайлоо өткөрүлөт. Элдин өтүнүчү менен Кененбай Байтүгөл уулу болуштукка талапкерлигин коюп, Төлөгөн ажынын уулу Байгабылга уттуруп койгон.

1878-жылы Кененбай Байтүгөл уулу өзүн ээрчигендер менен бирге көлдүн аягына көчүп жөнөйт. Аны менен 1000 түтүн эл кошо көчүп, азыркы Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Сары-Чат, Тоң районундагы Кара-Шаар, Оттук, Ак-Өлөң аймактарына отурукташып, Семиз-Бел болуштугу түзүлгөн. Ал жерге болуш Байгабыл Төлөгөн уулу да көчүп келген. Ал Семиз-Бел болуштугунда болуштук кылып туруп, болуштук мөөнөтү аяктай электе Кененбайды конокко чакырып, үстүнө чапан жаап, эл алдында «Менин болуш деген атым болгон менен элди өзүң билип келе жатасың. Мындан ары болуш сен эле бол» деп бийлигин өткөрүп берген.

Кененбай Байтүгөл уулу 1878-жылдан 1896-жылга чейин 18 жыл катары менен болуш болуп шайланган. Ал кезде болуштуктун мөөнөтү мыйзам боюнча 3 жыл болгон. Өзү азыркы Кочкор районуна караштуу Кара-Күнгөй айылында жашаган. Семиз-Бел, Улахол, Ак-Ташка чейинки жайытты ээлеп турган. Анын салдырган таш короосу Кара-Саз айылына караштуу Үкөктүн кире беришинде, Кара-Күнгөйдөгү Кара-Тоонун Ак-Түзүндө, Талдынын Ак-Сайында жайгашкан.

Азыр Кененбай Кызыл-Коо деп аталган жерлер бар. Болуштуктан кеткенден кийин да элге таасири күч болуп, өзү каалаган адамды болуштукка шайлатып турган. Элге карамдуу болгон. 1899-жылы күйөө баласы Турганбай Мендебай уулу болуш болуп шайланат. Ал элге салыкты көп салгандыктан, Кененбай: «Элди кыйнаба» дейт. Ага болбой элге кысымды көп кылат. Кененбай Каракол уездинин башчысы Ивановго барып, Турганбайды (алты ай гана болуш болгон) болуштуктан алдырып, болуштук шайлоо өткөрткөн.

Кененбай Байтүгөл уулу 1912-жылы Ак-Суу аймагындагы Тегизчил деген айылындагы эжесинин үйүнө келип кайтыш болгон. Сөөгү ошол жерге коюлуп, күмбөз тургузулган. Бул айыл бир нече жыл Кененбай поселогу аталып турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE