Пример HTML-страницы

18 жашында турмушка чыккан Ж.Көкчееваны жолдошу эки жогорку окуу жайда окуткан

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылынын тургуну Көкчеева Жылдыз Сатаровна. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында төрөлгөм. Билимим жогорку, алгач тарых жана туризм адистигине ээ болсом, кийинчерээк англис тили сабагынан мугалим кесибин окудум. Эки окуу жайга тең жолдошум өзү акча төлөп окутту. Учурда З.Батырбаева атындагы №27 жалпы орто билим берүү мектебинде англис тилчи мугалим болуп эмгектенем.

Турмуш жолуна 18 жашымда аттангам. Ал менин эжемдин кайнисинин дос баласы эле. Күндөрдүн биринде эжемдин үйүнө конокко барып калып, күтпөгөн жерден таанышып калганбыз. Бул таанышуу никеге алып келерин ким билген. Ошол убакта мен Бишкек шаарында 1-курста окучумун. Куда баладан байланыш номурумду алып, алгач дос катары сүйлөшүп жүрүп эле мамилебиз сүйүүгө өтүп кетти. Жалпы 3,5 ай сүйлөшүп эле декабрь айынын ызгаарына карабай үйлөнгөнбүз», — деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөсү тууралуу кыскача айтып берди.

«Жолдошум Аалиев Талант Шейшебаевич 1986 -жылы төрөлгөн. Үй-бүлөдө кичүүсү болуп, окубай калган экен. Бирок мектепке жакшы окуганын кесиптештерим айтып калат. Үйдө көп мал кармап, байлап сатат, ошону менен кечке күнү өтөт. Мага сүйүктүү жолдош, кыздарым таянар тоо, уулдарыма насаатчы. Балдары менен чоң киши менен сүйлөшкөндөй пикир алышат. Буюрса, 6-класстагы балам менен кеңешип, талаага малина өстүрүп, бизнес баштаганы жатышат. Мугалимдин түйшүгүн билесиздер, мектептеги окуучу балдарынын артынан жүрүп, кээде өз балдарына убакыт жок калат. Аны жолдошум толуктап турат. Чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга быйыл 16 жыл болду. Азыр 4 баланын бактылуу ата-энесибиз, бешинчисин күтүп жатабыз», — деди ал.

Ал алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Өзүм 5 убак намаз окуйм. Ар кандай китептерден билимимди арттырып турам. Кичинекей кызым даярдануу курсуна барып жатат. Аны менен көп убактым өтөт. Улуу кызым 7-класста, балам 6-класста окушат, экөө тең жалаң “5” деген бааларга окушат. Бир кызым чарчап калган, бирок эсепке алып жүрөм.

Мен да мугалимдердин командасындамын, волейбол ойнойбуз. Балдар да спортко жакын. Жолдошум көбүнчө көк бөрү ойнойт.

Жаш жубайларга кеңешим, алдыга койгон ой-максаттарын 1 жыл мурун пландап, ошого жетүүгө аракет кылышса. Акчаларын туура пайдаланып, үйрөнүшсө дейм. Билим эң биринчи кезекте демекчимин, мен азыркыга чейин билим алып келем. Билимден пайда болбосо, зыяны болбойт. Ошону түшүнүп, жолдошум мени окутканына рахмат айтып келем. Кудай буюрса, дагы билимимди жогорулатып, Америкага үй-бүлөм менен барып келүүнү максат кылып жатам», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE