Пример HTML-страницы

14 жаштагы Шахло үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда 14 жаштагы Осмонахунова Шахло Низамидиновна изделип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарынын тургуну — 2008-жылы туулган Шахло Осмонахунова 2022-жылдын 15-июлунда саат 21:00 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция өспүрүм кызды табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 165-170 см, ак жүздүү, кашы-көзү кара, арык дене түзүлүштө, чачы узун, кара түстө.

Кийген кийимдери: сары түстөгү ак сызыктары бар жайкы футболка, сары түстөгү шорта, сары үстөгү жайкы бут кийим.

Осмонахунова Шахло Низамидиновна тууралуу маалыматы барлар (03746) 102, 0703-11-44-37, 0553-78-38-78 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE