Пример HTML-страницы

Өзгөндө селден кийин электр мамыларын оңдоо иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush«Ош электр» ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Асылбек Артыков жана Өзгөн райондук электр тармактарынын Жарыктандыруу жана чүмбөттөө кызматынын кызматкерлери сел жүргөн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кош-Этер айылында тазалоо иштерине жардам берип, жабыркаган электр тетиктерин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Маалым болгондой, учурда электр жарыгы берилди. 0,4 кВ аба чубалгыларында 2 электр мамычаларын сел алып кеткендигине байланыштуу 2 абонент (үй) жарыксыз калууда. «Ош электр» ишканасынын ыкчам оңдоо бригадасы нөөмөттө турушат. Тазалоо жана оңдоп-түздөө иштери бүтөрү менен жарык берилет.

Буга чейин ӨКМден 27-май күнү саат 19:30 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүндө сел жүргөнүн кабарлаган.

Маалыматка караганда, жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулар Кош-Этер айылынын ички чарбалык жолдорун каптап, 1 үйгө сел кирип, дубалын 1,3 метр бийиктике чейин кум каптаган. 18 үйгө кооптулук жаралган. Жогору аталган үйлөрдүн тургундары, туугандарына көчүрүлгөн.

Ошондой эле Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылында ички чарбалык жолдун 150 метр аралыгын жана 20 үйдүн короосун каптаган. Бүгүн жерине кошумча тактоо иштерин жүргүзүүгө ыкчам топ жана акимдин орун басары тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE