Пример HTML-страницы

Өзгөчө кырдаалдар министринин мурдагы орун басары картадагы жерлерди көрсөттү

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эч кандай талаш-тартыш болгон эмес, деп билдирди өзгөчө кырдаалдар министринин мурдагы орун басары Акыл Айтбаев 15-октябрда Кызыл-Октябрь айылында өткөн элдик курултайда.

  • Айтбаев Акыл Казакович 1989-1991-жылдары Өзгөн райондук долбоорлоо-өндүрүштүк архитектуралык-пландоо бюросунда инженер-конструктор, 1991-жылдын март айынан август айына чейин Өзгөн райондук долбоорлоо-өндүрүштүк архитектуралык-пландоо бюросунда жер бөлүштүрүү инженери, 1991-жылдан 1994-жылга чейин Өзгөн райондук жер реформасы жана жерге жайгаштыруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1994-1998-жылдары Жерге жайгаштыруу жана жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

Айтбаев Кемпир-Абад суу сактагычынын картасын көрсөттү (масштабы 1:50 000, анын сөзү боюнча 1959-1963, 1983-1984-жылдардагы материалдардын негизинде жасалган, 1986-1987-жылдардагы топографиялык картадагы жаңыланган материалдар). «Эмне үчүн биз бул жерлерди берүү жөнүндө айтып жатабыз? Алар 1965-жылы токтом чыгып, ага ылайык 4126 гектар жерди компенсация катары беришкен. Бирок анын ордуна биздегидей жерлер берилген эмес. Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушунун натыйжасында суу каптап кеткен. Участкалар бөлүнүп, жалпысынан 4216 гектар жер берилген.

Андан сырткары 219 чакырым келген Сол жээк каналын курууга милдеттенишкен. Бирок андан кийин 70 чакырымга кыскарып, 149 чакырым канал курууга убада беришкен. Бул канал аркылуу жылына 227 миллион куб метр суу алып турушубуз керек эле. Бирок каналдын бир чакырымы да курулган эмес. Мындан тышкары, Куршаб айылында жана суу сактагычка жакын конуштарда жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп кеткендиктен дренаждык система курууну убада кылышкан. Бул жасалган жок. Өзгөн—Ханабад жолун куруп беребиз деген убадалар болгон, бирок андай болгон жок. Көпүрө курабыз деп убада беришкен, бирок аткарылган жок», — дейт ал.

Курултайдын катышуучуларынын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев (Октябрь округу), Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан» фракциясы), коомдук ишмерлер жана саясатчылар — парламенттин мурунку депутаты Исмаил Исаков, Кыргызстандын Малайзиядагы мурунку элчиси Азимбек Бекназаров, Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов, саясатчы Жеңишбек Молдокматов, КРдин Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Кеңешбек Дүйшебаев, өкмөттүн Талас облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, БШКнын мурдагы төрагасы Мамбетжунус Абылов бар.

Ошондой эле иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкаев келишти.

Жакын жерде атчандар турушат.

Кемпир-Абад суу сактагычы көлөмү боюнча Кыргызстандагы экинчи, Өзбекстандагы үчүнчү суу сактагыч болуп эсептелет.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча бул жерден окуй аласыз.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 10-октябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комиссиянын сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстанга кайсы тилкелер өткөнүн айтты.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мурунку биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиев китептеринин биринде Кемпир-Абад суу сактагычынын тарыхы тууралуу айрым фактыларды жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE