Пример HTML-страницы

Жумгалдын депутаты А.Атамбаевди бошотууну суранды. Башкы прокурор ага эмне деп жооп берди?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаты Мырзабек Өмүрбек уулу башкы прокурор Курманкул Зулушевден мурунку президентти түрмөдөн чыгарууну суранды.

12-сентябрда өткөн жолугушууга Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана башкалар катышты.

«Ушул жыйында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолундагы маселелер козголду. Эгер мурунку президент Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси болбогондо, бул жол такыр салынбай калмак. Бул жол ошол кишинин арты менен салынган. Кыргызстанда энергетикалык тартыштык болбосун деп, «Датка-Кеминди» да салдырып берди. Ошого окшошкон адамдар эмне үчүн түрмөдө отурат? Андан бери канча деген коррупционерлерди кармадыңар, акчаларын берип эле чыгып кетип жатышат. Ошол кишинин Жумгалга эмгеги сиңген. Карыганда чыгарып койбойсуңарбы?», — деди М.Өмүрбек уулу.

Бул суроого башкы прокурор Курманкул Зулуше мыйзам бардыгына бирдей экенин, күнөөсү бар үчүн ал кишинин соттук иши дагы да болсо улантылып жатканын айтты.

«Биз мыйзамдуу өлкөдө жашаган элбиз, туурабы? Кылмышы болсо, анда түрмөнүн баарын чыгара бербейлиби. Ал киши боюнча учурда соттук иштер жүрүп жатат. Батукаев боюнча соттун күчүнө кирген өкүмү бар. Күчүнө кирген өкүмдү биз кантип жокко чыгарабыз. Сабыр кылып турсаңар, азыркы ызы-чуу болгон иштер боюнча соттук процесстер жүрүп жатат. Бир нече процесстерди бириктирип, бир карап жатат.

Ооба, «Даткан-Кемин», альтернативдик жол боюнча кылган иштерин билебиз. Ошол эле учурда коррупциялык иштери бар, билесиз. Ал кишини саясий жактан кармап отурган киши жок. Ошондуктан туура түшүнүңүздөр, баарыбызга мыйзам бирдей. Процессти кылдырбай, өздөрү чоюп отуруп, 60 жолу процесс болду. 3 айдан бери жылыш бар. Эми сот процесси бүтсө, сот чечим кабыл алса, андан кийин президент жардам бере турганы боюнча оюн айтып жатат», -деди башкы прокурор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE