Пример HTML-страницы

Жумгалдын борбордук аянтында куурап калган ийне жалбырактуу дарактар алынып, ордуна жаңылары отургузулду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун борбордук аянтында куурап калган ийне жалбырактуу дарактар алынып, ордуна жаңылары отургузулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл өкмөттүн маалыматына караганда, ийне жалбырактуу дарактар отургузулган жердин асты цемент болгондуктан куурап калышкан.

Кечээ, 30-май күнү райондук бийликтин тапшырмасы менен айыл өкмөт тарабынан дарактар жаңы отургузулган.

Көчөттөргө күндө суу куюп туруу жагы театр кызматкерлерине жүктөлгөн.

Буга чейин тургундар акимчиликтин маңдайындагы аянтта куурап калган дарактар боюнча нааразычылыгын билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE