Пример HTML-страницы

Жумгалдын аймагындагы унаа жолдор кардан тазаланып жатат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун борбору Чаек айылындагы жолдор кардан тазаланып баштады, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Борбордук көчө, ички жана мектеп, бала бакчага барчу жолдор тазаланууда.

Андан тышкары райондун Байзак, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарындагы кар колдун күчү менен тазаланып жатат. Кызарт ашуусунда да ушундай эле тазалоо иштери жүрүүдө.

Ага райондук №24 жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылды.

Кочкор—Жаңы-Арык унаа жолу, Баш-Кууганды—Кызыл-Жылдыз унаа жолу, Миң-Куш—Арал унаа жолу, Көк-Ой—Арал жолу тазаланып, ЖКККБнын өкүлдөрү күчөтүлгөн нөөмөттө иштеп жатат.

Ошондой эле, Арал—Казарман жолунун кооптуу аймактарында 3 пост уюштурулуп, тиешелүү органдардын кызматкерлери иштеп жатат.

Уюштурулган посттордогу кызматкерлер ысык тамак менен камсыздап жатат. Азыр дагы райондо кар жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE