Пример HTML-страницы

Жумгалдагы мейманканага гемодиализ менен дарылангандар үчүн бейтапкана ачуу сунушу берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун борборундагы ээнсиреп бош турган өкмөттүк мейманканага бөйрөгүнөн жабыркап, борбор калаадан гемодиализ алып жаткан тургундар үчүн бейтапкана ачуу сунушу көтөрүлдү.

Чаек айылындагы элдик жыйында 20га чукул гемодиализ алган жарандардын жакындары район акимине имарат таап берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Алар буга чейин да Чаек айыл өкмөт башчысына мурдагы «Миң-Кыял» дүкөнүн берүүсүн өтүнүшкөн. Бирок, тилеке каршы аны Жумгал жаштарынын борбору кылабыз деп, долбоор жазылган.

Элдик жыйында активист Нурланбек Шамырканов: «Урматтуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, гемодиализ алгандардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатат. Мына жакында эле бир теңтушум каза болуп калды. Чаек айылында 20дан ашык адам гемодиализ алып жатышат. Район боюнча 100 адам болуп кетти. Ушул өкмөттүк мейманкана көптөн бери бош эле турат. Ичинде бардык шарты бар, суусу кирген, ажатканасы бар. Пандемияда койкалар менен толукталган. Гемодиализ борбору кылууга даяр. Бергиле да, эч ким оорубасын, ушундай жагдайда жардам бергиле», — деди Шамырканов.

Чаек айыл өкмөт башчысы Рустам Алымкулов буга чейин гемодиализ алгандар кайрылганын айтты.

«Бизге да кайрылышкан. Мен «Миң-Кыял» дүкөнүн 49 жылга ижарага берели дегем. Бир кыз келип, документин бер, азыр өткөрө кал дегенинен, «кой, биринчи оңдоп-түзөө ишин кыл» десем кеткен. Ошол бойдон келген жок», — деди Алымкулов.

Жыйында акимдин орун басары Фатима Өмүралиева гемодиализ алгандардын маселесин чечип берүүнү колго аларын, район акими Жамшит Матанбаев да кабардар экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE