Пример HTML-страницы

Жол тандабасты минип кетип, түн ичинде алтын бөлүшкөн 4 жигиттин «кубанычы» көпкө созулган жок

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук соту алтын казган «Чаткал 17» компаниясында алтын карактоого айыпталган 4 адамга шарттуу жаза берди. Тиешелүү чечим 2022-жылы 27-сентябрда кабыл алынды.

Айыпталуучулар тууралуу эмне белгилүү?

— Чыңгыз [аты өзгөртүлдү, Ч.у. Б.] 1992-жылы Ала-Бука районунда туулган, убактылуу эч жерде иштебейт, үй-бүлөлүү эмес. 2014-жылы май айында бейбаштык беренеси боюнча 5 жылга эркинен ажыратылган. Бул жолу ага Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 202-беренесинин (каракчылык) 1-2-3-бөлүктөрүнүн 3-пункту жана Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) 1-бөлүгү, 211-беренесинин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) 2-бөлүгүнүн 2-3-пункттары боюнча айып тагылган. 2022-жылдын 27-январында камакка алынган.

— Жакып [аты өзгөртүлдү, Ж.Б.К.] 1996-жылы Ала-Бука районунда туулган, жогорку билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт, үй-бүлөлүү. Ага Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 202-беренесинин (каракчылык) 1-2-3-бөлүктөрүнүн 3-пункту жана Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) 2-бөлүгүнүн 2-3-пункттары боюнча айып тагылган. 2022-жылдын 27-январында камакка алынган.

— Тамир [аты өзгөртүлдү, Т.С.Б.] 1995-жылы Ала-Бука районунда туулган, орто билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт, үй-бүлөлүү. Буга чейин каракчылык беренеси боюнча жоопко тартылган. Бул жолу ага Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 202-беренесинин (каракчылык) 1-2-3-бөлүктөрүнүн 3-пункту жана Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) 1-бөлүгү, 211-беренесинин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) 2-бөлүгүнүн 2-3-пункттары боюнча айып тагылган. 2022-жылдын 27-январында камакка алынган.

— Алман [аты өзгөртүлдү, А. уулу А.] 1998-жылы Ала-Бука районунда туулган, орто билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт. Буга чейин каракчылык беренеси боюнча жоопко тартылган. Ага Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 202-беренесинин (каракчылык) 1-2-3-бөлүктөрүнүн 3-пункту жана Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) 1-бөлүгү, 211-беренесинин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) 2-бөлүгүнүн 2-3-пункттары боюнча айып тагылган. 2022-жылдын 16-мартында камакка алынган.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБ билдиргендей, 2021-жылдын 8-ноябрына караган түнү саат 02:30 чамасында бет кап, кол кап кийип, алдын ала даярдалган таяктарды, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу тапанча алган топ Ала-Бука районунда жайгашкан кен казуучу ишканалардын бирине кирип барышкан. Кен казган ишкананын кароолчуларын таяк менен сабап, алардын бирине карай ок чыгарышып, учтуу нерсе менен бутуна сайып, денесине жаракат келтиришкен.

Окуя алтын казган «Чаткал 17» ЖЧКда болгон. «Чаткал 17» компаниясы чачыранды алтын кени чыккан жерде (Верхнекассанское) иш алып барат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, компаниянын жетекчиси — Йан Цинлон, түзүүчүсү — «ЦЗУФЭН ИНДАСТРИ ГРУП КО.,ЛИМИТЕД» ЖЧК. Негизги ишмердүүлүгү — баалуу металлдардын рудаларын казуу жана байытуу.

Йан Цинлон «Корпорация Цзюйфэн Голд» ЖЧКнын да жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Түзүүчүлөрдүн арасында Йан Цинлон жана Ван Чжипен бар. Компания 2017-жылы 14-февралда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү — баалуу металлдардын рудаларын казуу жана байытуу.

Бөлмөнүн ичинде жаткан чет элдик жана кыргыз жарандарын таяк менен уруп, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен коркутуп, колдорун байлап, жабырлануучулардын уюлдук телефондорун талкалап, жараксыз абалга келтиришкен. Чет элдик жаранды коркутуп, чөнтөгүнөн 20 000 сом накталай акчасын алышкан. Алтын металл бар бөлмөнүн айнегин бузуп киришип, интернет жайылтуучу (Wi-Fi роутер) аппаратты талкалашкан. Темир сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 кг 833 гр алтын металлды тартып алышкан.

Ишкананын короосунда токтоп турган «Митсубиси Делика» үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарып, фараларын талкалап, жанында токтоп турган «Тойота Ленд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү унааны айдап, окуя болгон жерден качып кетишкен.

  • Облустук милиция кен казуучу ишканага жалпы 10 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгенин билдирген.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, 7-башкармалыгынын, маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн ыкчам талдоо тобунун, Жалал-Абад ОИИБдин жана Ала-Бука РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалган.

Соттук териштирүүдө маалым болгондой, айыпталуучулар алдын ала топтолуп, сүйлөшүп алып, 2021-жылдын 8-ноябрына караган түнү саат 02:30 чамасында кен казган ишканага «ВАЗ-2107» унаасы менен барышкан. Алар темир арматура менен 2 кароолчуну, ошондой эле Кытайдын 4 жаранын сабашкан.

Белгилүү болгондой, аталган ишканага жалпы 7 млн 352 миң сом материалдык зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө салмагы 56 грамм, баасы 224 миң сомдук алтын металл, 50 000 сом накталай акча каражаты, кылмыштуу жол менен алынган 100 миң сом жана 120 миң сомдук «ВАЗ-210» үлгүсүндөгү эки унаа өндүрүлгөн.

Сот отурумунда айыпталуучу Чыңгыз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, 4 бала сүйлөшүп, Жакып «Терек-Сайда 20 килограмм алтын бар, ошону алып чыгышыбыз керек. Эч кандай ызы-чуу болбойт, ошол жердин директору Таван баарын бүтүрөт» деп уюштурган. «Эч кандай ызы-чуу болбойт, баары сүйлөшүлгөн» дегенинен ишенип барышкан.

Сейфти кытай улутундагы жарандан алган ачкыч менен Жакып ачкан. Ал жерде алтын бар экенин көрүшкөн. Алтынды Жакыптын үйүндө бөлүшүшкөн, ага 174 граммы тийген. Алтын 6 адамга бөлүнгөн, бирок алтынчы адам ким экендигин билбейт. Өзү колуна таяк кармап барган, ал эми тапанча Жакыптын колунда болгон.

Сейфтин ачкычын алганда унаанын ачкычын чогуу алышкан. Алтынды алгандан кийин окуя болгон жерден качып бара жатканда ал короодо турган «Тойота Ленд Крузер Прадо» унаасын көрүп, кытайлык жарандан тартып алган ачкыч менен унааны жүргүзүп, шериктери менен качып кетишкен. Андан кийин унаа аркылуу табылып каларын сезип, «Тойота Ленд Крузер Прадону» Ала-Бука айылындагы мазардын тушунда таштап, ачкычын ыргытып жиберген.

Тамир күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, окуя болгонго чейин 17 күн мурун үйлөнгөн. Айыпталуучулар менен Ала-Бука айылындагы «Кенч» чайканасында алдын ала сүйлөшүп, Терек-Сайдагы алтын казчу жерге барып, 20 кг алтынды алып чыгууну макулдашышкан. Баарын Жакып уюштуруп, алтынды алып чыгышкандан кийин алты адамга бөлүшкөн. Ага 120 грамм алтын тийген. Аны Бишкектеги «Ош» базарында 510 миң сомго саткан.

Ал эми Жакып күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын көрсөтмөсү боюнча, окуяга чейин 2-3 күн мурун кен казылган жерге барып, сырттан күзөтүп, кандай кирүү керектигин байкап келген. Аталган балдар менен сүйлөшүп, кен казган ишканага барышкан. Ал жерден алып чыгышкан алтындан 169 грамм жана 170 грамм өзүнө алган. Ошондой эле окуя учурунда оюнчук тапанча көтөрүп жүргөнүн кошумчалады.

Төртүнчү айыпталуучу Алмандын айтымында, алтын 6 адамга бөлүнгөн. Ага 164 грамм алтын тийип, аны 670 000 сомго саткан. 56 грамм алтынды турак жайын тинтүү учурунда милицияга тапшырган.

Сот отурумунда жабырлануучу тараптын мыйзамдуу өкүлү көрсөтмө берди. Анын айтымында, алтын кен казылган ишканада иштеген Максаттын «Таван» деген лакап аты бар экенин билишет. Ал кен казуучу ишкананын ичинде эмне бар экенин, 1 кг 833 гр алтын болгонун, жерден алтын казууга план 20 кг болгонун, фирмада күнүнө 300-400 грамм алтын жууларын билчү. Бул окуядан кийин фирмага жалпы 7 миллион 332 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Ошондой эле айыпталуучулар фирманын унаасын айдап качып, жөн кетпей, «Мицубиси Делика» унаасынын жаңы дөңгөлөктөрүн жыртып, фараларын сындырышкан. Ал айыпталуучуларга эч кандай доосу жоктугун, жеке ачык айыптоодон баш тартарын, аларга карата мыйзам чегинде жеңил жаза берүүнү сурады.

Жыйынтыгында Ала-Бука райондук соту 3 айыпталуучуну 7 жыл 6 айга, Чыңгызды 8 жылга эркинен ажыратты. Алар белгиленген жазаны өтөөдөн бошотулуп, пробациялык көзөмөлгө (4 жылдан 5 жылга чейин) алынды.

Айыпталуучулардын бирине башка бирөөнүн мүлкүн жок кылганы үчүн 50 миң сом айып пул салынды.

Алар сот залынан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE