Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздө милиция кызматкерлери күйүп жаткан унааны өчүрүүгө жардам беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын инспекторлору унааны өчүрүүгө жардам берип, жакын жердеги унаалардын өрттөнүүсүн алдын алышты.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, туристтик-экологиялык милициянын инспекторлору, милициянын ага лейтенанттары — Д.Исаев, Т.Өмүралиев, Т.Маратов, Ишенбек уулу Адилет Жети-Өгүз районуна кызматтык тапшырмалар менен бара жатышкан. Кызыл-Суу айылынын жанынан өтүп бара жатканда «Ауди» үлгүсүндөгү унаанын чинен түтүн чыгып жатканын байкашкан. Жалын моторту каптаган. Жанында дагы бир нече унаалар болгон. Окуя тууралуу милиция кызматкерлери дароо райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө кабарлашып, өрттү өчүрүү боюнча алгачкы иш-чараларды көрүшкөн.

Милиция кызматкерлери унаанын ээсин токтотуп, кызматтык унаадан өрт өчүргүчтөрдү алып, өрттү өчүрүшкөн.

Өрт өчүрүлгөндөн кийин унаанын ээсине жана жүргүнчүлөрүнө эч кандай коркунуч жок экенине ынанган милиция кызматкерлери өз жолун улантышкан.

Куткарылган унаалардын ээлери милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE