Пример HTML-страницы

Жарадар болгон баатыр келген соң аталышы келип чыккан Тоңдогу айыл

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районундагы 9 айыл аймакка 30 айыл кирет.

Turmush басылмасынын кабарчысы Кызыл-Туу айылынын түптөлүшү жана тарыхы боюнча маалымат издеп көрдү. Ал эми жергиликтүү тургундар айыл менен байланышкан уламыштарды айтып беришти.

Алардын айтымында, кийин Ак-Терек аталып калган бул аймактагы жападан жалгыз ыйык даракка Эр Табылды аттуу жарадар болгон баатыр келген. Ал жерде жараатын таңып жатканда, каны даракка тамчылап кетет. Ошондон улам айылдын ушундай аталышы (ак — белый, терек — дерево) келип чыккан. Колхоз 1922-жылы уюшулган.

Башкарма Абдраим Алжанов абийирдүүлүк менен иштеп, жакшы натыйжаларды көрсөткөн. Колхозго Алжанов Абрдраим башкарма болуп иштеп, мыкты ийгиликтерге жетишкенде «Кызыл туу» желегин жеңип алган. Ошондой эле Ашырова Зайрагүл апийим тапшырууда эмгектин ударниги болуп, Москва шаарынан Сталиндин ардак грамотасын алып келген.

Ошондон тартып Кызыл-Туу колхозу болуп, 1927-1928-жылдары түзүлгөн. 1950-1951-жылдары Кызыл-Туу, Ала-Баш, Четинди айылдары кошулуп, бир колхоз түзүлгөн жана Курман Таабалдиев колхоздун башкармасы болгон. Колхоз 1951-жылы жоюлуп, Карл-Маркс колхозуна кошулган. Учурда Кызыл-Туу айылы боз үйчүлөр айылы аталып, айылдын 90 пайызы кол өнөрчүлүк, узчулук, кайышчылык, зергерчилик, дыйканчылык жана мал багуу менен алектенишет.

Айылдын түптөлүшүнө эмгегин арнаган көп инсандар чыккан. Алардын бири белгилүү геолог— Ак-Терек айыл аймагындагы Бар-Булак термоминералдык жылуу суусунун негиздөөчүсү Бакиро Чодобаев болгон.

Учурда Кызыл-Туу айылында 415 түтүн, 1710 адам жашайт. М.Жумаев атындагы орто мектеби, айылдык ФАП, клуб, китепкана, кичи футбол аянтча жайгашкан.

2022-жылдын июль айында кайрымдуулук фонду тарабынан мечит, медресе жана жыгач иштетүүчү цех курулуп, пайдаланууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE