Пример HTML-страницы

Жалган маалымат таратты деген айып менен башкы эсепчи жана карылар үйүнүн директору кызматтан алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Сүлүктү шаарындагы карылар үйүндөгү абал тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төмөнкүнү билдирди.

Социалдык мекеменин турак жайлары электр энергиясы менен жылытылат. Мончону жылытуу үчүн гана отун керек жана электр жарыгы жок болгон учурда тамак бышыруу үчүн колдонулат.

Жылытуу мезгилине карата көмүргө болгон талап 18 тоннаны түзөт. Сүлүктү шаарынын мэриясынын «Кара-Алтын Кен» ЖЧКсы менен болгон макулдашуусуна ылайык, жакынкы аралыкта көмүр таратыла баштайт.

Жалган маалымат тараткандыгы үчүн башкы эсепчи менен карылар үйүнүн директорунун жоопкерчилиги каралып, натыйжада экөө тең ээлеген кызматынан бошотулду.

  • Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Сүлүктү шаарындагы айрым мекемелердин кышка даярдыгы жана көмүр менен камсыздалуусунан кабар алган.

Кырыялар үйүнүн башкы эсепчиси Наргиза Дадабева кышка карата көмүр менен камсыздоо үчүн 6 жолу тендер жарыяланганы менен сатууга эч бир компания кирбей жатканын айткан.

«Биздин мекемеге кыштан чыгууга жалпысынан 18 тонна көмүр керектелет. Ушул убакытка чейин көмүр сатып алуу максатында 6 жолу тендер жарыяладык. “БР” үлгүсүндөгү көмүрдүн 1 килограммына 6 сомдон көрсөткөнбүз. Бааны андан жогору көрсөтүүгө биздин смета жол бербейт. Бирок жарыяланган тендерге эч бир көмүр саткан компания кызыктар болбой жатат. Андыктан карыялар үйүн көмүр менен камсыз кылуу көйгөйү жаралууда. Кышка даярдык артка жылууда», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE