Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы темир жолдун аймагы соода күркөлөргө толуп, базарга айланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында темир жолдун айланасында мыйзамсыз соода кылган соодагерлерге рейд жүрдү.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин Өнөр жай ишмердүүлүгү, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комитетинин төрайымы Гүлмира Худайбердиеванын айтымында, буга чейин шаар тургуну арыз менен кайрылган.

«Арызда Железнодорожная көчөсүнүн тургуну жашап жаткан үйдүн айланасы мыйзамсыз соода күркөлөргө толуп кеткендиктен, үйгө кирүүчү жол жабылып, тез жардам жана башка унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралып жаткандыгы айтылган. Мындан улам бүгүн тиешелүү кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте көйгөйдү жеринен барып көргөнүбүздө менчик үйүдүн айланасы соода күркөлөргө толуп кеткендигине күбө болдук. Аталган көчөдө «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын поезд өтүүчү темир жолу бар. Бир топ жылдан бери поезд каттамы токтоп калгандыктан темир жолдун айланасын жеке тараптар базарга айлантып алышкан. Ушул тапта шаар бийлиги менен бирге баш аламан соода кылган соодагерлерди көчүрүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Ал эми «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, бул маселе боюнча тиешелүү органдарга кат жөнөтүлүп, иш соттук кароодо турганын билдирди. Соттун чечими чыкса, темир жолдун эки тарабы 10 метрге чейин тосула турганын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE