Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы парк 23 млн сомго оңдолот. Учурда кандай иштер жүрүп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу паркы реконструкцияланып жатат.

Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, учурда парктын ичиндеги жолдорго таш таман төшөө үчүн даярдоо иши жүрүүдө. Мындан сырткары паркка келген жарандар үчүн кооптуулук жараткан куурап калган дарактар мэриянын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери тарабынан алынууда. Аталган парктагы тротуарлар, отургучтар толугу менен жаңыланып, оргумалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Паркты реконструкциялоого 23 млн сом сарпталат. Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

Аталган парк 1960-жылдары негизделген. Андан бери ар кайсыл бөлүгүндө оңдоп-түзөө, таш таман жана асфальт төшөө сыяктуу иштер жүргүзүлгөн. Ал эми толук реконструкциялоо иши болгон эмес.

Жалал-Абад шаарында учурда 3 эс алуу паркы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE