Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда жаш балдары менен тилемчилик кылган 30 адам жашаган жерлерине жөнөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында уюштурулган рейдде жаш балдары менен кайырчылык кылган 30 адам жашаган жерлерине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына калаа башчысынын орун басары Гүлбарчын Таштанбекова билдирди.

Анын айтымында, «Кайырчы» аталышындагы рейд 2 күнгө уланат.

«Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен шаардык мэриянын жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте калаа аймагында тилемчилик кылып жүргөн лөлү тектүү жарандарга рейд уюуштурдук. Анын негизги максаты — тургундарга ыңгайсыздыктарды жаратып, коомдук жайларда тилемчилик кылгандардын алдын алуу. Иш-чаранын жүрүшүндө батирлерде жашаган лөлү тектүү жарандар аныкталып, 30 ата-эне колунда жаш балдары менен тилемчилик кылары белгилүү болду. Милиция тарабынан алардын өздүктөрү такталды. Алардын баары Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Махалла айылынын тургундары экени аныкталып, Ош облусуна жөнөтүлдү», — дейт Г.Таштанбекова.

Жалал-Абад шаарында лөлү тектүү жарандарга буга чейин да бир канча жолу рейддер уюштурулган. Бирок, андан майнап чыкпай келет.

Адистер лөлүлөрдү жашаган аймакка жеткирип келгени менен эртеси шаарга келип, кайра эле кайырчылыгын уланта берерин айтып келишет. Ал тургай лөлү тектүү жарандарга бош жумуш орундары да сунушталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE