Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон жоокерлерди эскеришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-сентябрда Жалал-Абад шаарында 2022-жылдын 14-15-16-сентябрь күндөрү Баткен облусундагы куралдуу кагылышууда каза болгон жоокерлер эскерилди.

Эскерүүгө маркум жоокерлердин жакындары, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облус казысы Нематулла Жээнбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада облус жетекчилиги маркум жоокерлердин жакындарына облустук, райондук жана жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлгөн акчалай колдоолорду тапшырды.

Буга чейин маркумдардын жакындарына мамлекет тарабынан Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир берилип, акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.

2022-жылдын сентбрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Жалал-Абад облусунан 9 аскер кызматкери каза болгон.

Алар:

— катардагы жоокер Малашов Даниель Алмазбекович, Сузак району;

— капитан Бектенов Гүлжигит, Ноокен району;

— сержант Шарабидин уулу Бекмырза, Ноокен району;

— катардагы жоокер Карыбеков Нурислам Токтонбекович, Сузак району;

— прапорщик Акылбек уулу Баяман, Ала-Бука району;

— катардагы жоокер Курманбеков Умарбек Толонбаевич, Базар-Коргон району;

— ага летейнант Турсунбаев Эрлан Нурадинович, Токтогул району;

— катардагы жоокер Айбеков Айдарбек Айбекович, Токтогул району;

— катардагы жоокер Арыстаналы уулу Асатбек, Ала-Бука району.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE