Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 4 адам «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунан чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абадд облусунда 4 жаран «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБдин, Ноокен РИИБдин жана Таш-Көмүр ШИИБдин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алар буга чейинки жасаган кадамдары туура эмес экендигин айтып, жаштарды бул жолго барбоого чакырышты.

2023-жылдын 1 ай ичинде ЭММКАК кызматкерлери тарабынан диний экстремизмге каршы 78 жолу профилактикалык иштер жүргүзүлгөн. Алдын алуу максатында уюштурулган иш-чараларга жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан.

Кыргыз Республикасынын аймагында 21 экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE