Пример HTML-страницы

Ысык-Көлгө келин болгон Айгеримдин жолдошу алгачкы жолугушууга агасы менен келип, шакек салган

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Санташ айылынын 29 жаштагы тургуну Айгерим Дүйшөналиева. Ал Таластан Ысык-Көлгө келин болгонун аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Айгерим Дүйшөналиева Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында төрөлгөн. Анын айтымында, Кыргыз-Орус Славян университетинде 2-курска чейин окуп, ден соолугуна байланыштуу академиялык өргүү алып, андан кийин окуусун уланта элек. Учурда үй кожойкеси.

«20 жашымда турмуш жолуна аттангам. Жолдошум Түп районуна караштуу Санташ, азыркы Байзак айылында 1991-жылы төрөлгөн. Каракол шаарындагы лицейден билим алып, электрик кесибинин ээси болгон. Бирок азыркы учурда ал кесип менен иштебей, Кордай—Бишкек жолунда жүк ташып иштеп жатат.

Жолдошум экөөбүз курбум аркылуу таанышып калганбыз. Ал кезде мен курбума туулган күнүнө сим-карта белек кылган элем. Болочоктогу жолдошум менен сим-карта менен таанышып, сүйлөшүп жүргөн экен. Капысынан жолдошум менин номурумду курбумдан сурап алып, анан экөөбүз таанышып калганбыз. Экөөбүз 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ошентип курбум менен сүйлөшүп жүргөн жолдошум мага чалып жүрдү. Ал кезде мен университетте окуп, жолдошум Балыкчыда мекенге кызмат өтөп жаткан кези эле. Экөөбүз телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. 1 ай өткөн соң телефондон кыз-жигит бололу деп сунуш киргизди. Мен тамашалап жатат деп ойлоп, макул болуп койдум. Анан көп өтпөй эле Бишкекке келгенин айтып, жолугушууга чакырды. Ошондо биринчи жолу көрдүм. Жолугушууга келсем, бир тууган агасы дагы бар экен. Мен барбайм десем болбой сүйрөп, кафеге киргизди. Бир көргөндө мен ойлогондон башкача экен, азыр кирип, агасы менен учурашып коюп кетем деп отурсам мени кетиргиси жок. Ошентип кафеден чыгып, мени үйгө жеткирем деп чыкты. Макул болдум, анан жолдошум кичине сейилдейли деп эс алуу багында сейилдеп жүрсөк, аппак болуп, сонун кар жаап жатканда чөнтөгүнөн шакек алып чыкты. «Кыз-жигит бололу эми» деп колума шакек такты. Ошентип мени үйгө жеткирип, өзү эртең менен Балыкчыга кызмат кылганы кетип калды. Телефон менен сүйлөшүп жүрө бердик. Акыры ага дагы көнүп калдым.

2012-жылы июнь айында кызматын бүтүп, Бишкекке келди. Ал иштеп, мен окуп жүрдүк. 2013-жылы ден соолугума байланыштуу окуумдан академиялык өргүү алып, апам менен Москвага кетем деп жатканда жолдошум кеткениме каршы болуп, баш кошууну туура көрдүк. 2013-жылы 15-ноябрда үйлөндүк», — деди ал.

Айгерим Дүйшөналиева келиндик доордогу кызыктарды айтып берди.

«Декабрь айы эле, кайын энем Жаңы жылга карата коноктор келе турганын айтып, дасторкон камдоо керектигин айтып кетти. Мен дасторкон даярдап, палоо жасайм деп жаткам. Абдан уктагым келди, көздөрүм жумулуп жатты. Ошентип сабиз туураган жерде уктап калыптырмын. Көзүмдү ачсам кайын энем тургузуп жаткан экен. Уялганымдан кызарып, жерге кирип кетейин дедим. Келин болуп келгениме бир жарым ай болгон. Аябай ыңгайсыз болгом. Эртең менен кайын энем боюмда болушу мүкүн экенин, уйкуга талгак болуп жатканымды айтты. Андан кийин кош бойлуу экенимди билдик. Жолдошум абдан кубанган.

Жай мезгили, күн жылуу. Анда жолдошум үйдүн жанында түнү иштечү. Менин 5-6 айлык боюмда бар. Бир күнү түнү менен уйкум келбей, таңга маал жолдошума барып келүүнү чечтим. Эшикке чыксам таң жаңыдан атып, караңгы түн агарып келе жатыптыр. Үйдөн чыгып, таза таңкы абадан дем алып, шашпай жолдошумдун жумуш көздөй басып бара жаттым. Жаныбыздагы ээн калган чоң имартка жеттим, анын жанында кайрылыш бар эле. Ошол жерден өтсөм, артымдан аппак болгон караан пайда болду. Коркуп, аркамды карбай бара бердим. Жолдошумдун жумушуна аз калдым, артымды карасам бир киши менин артымдан келе жатат. Көргөн көзүмө ишенбей, жолдун ортосуна туруп, көзүмдү жаап алып, кыйкырып кирдим. Көзүмдөн жашым токтобой, болушунча кыйкырып, коркконумдан ыйлап дагы алгам. Артымдан келе жаткан киши чочуп, жаныма келип, «Карындаш эмне болду?» деп, ары жактан дагы 2-3 бала чуркап келишти. Менин үнүмдү уккан жолдошум дагы чуркап келген. Мени толготуп жатат деп ойлошуптур. Артымдагы киши ак кийинип, мечиттен келе жаткан экен. Ал дагы төрөп жатат деп ойлоптур. Ошол учурда коркконумдан эмне болгонун айтып бере албай, айтор баягы чогулгандар менин коркуп кеткенимди түшүнүп, жолдошум мени сооротуп, ошол жерде кала бердик. Бул окуядан кийин караңгы болондо эшикке чыкпай турган болдум, жолдошум дагы чыгарбай калды. Караңгыда 3 ай эшикке чыкпай калгам», — деди ал.

Ал белгилегендей, жолдошум өзү кыялдангандай комкор, боорукер. Учурда жубайлар 2 баланы тарбиялап жатышат. Улуу баласы Арсен учурда 8 жашта, 2-класста окуйт. Кичүүсү Нураманга 1 жаш 4 ай толду.

«Улуу балам аябай боорукер, кыялкеч, акылдуу бала болуп чоноюп жатат. Кичүүсү Нураман өтө шок, болушунча эрке жана башка кыялдары менен бизди зээриктирбейт. Ал дагы мага окшоп китеп барактаганды жакшы көрөт. Эки уулума татыктуу тарбия берип, эч нерседен кем кылбай чоңойтсом экен дейм. Чоң максат коюп, жаш кезимде максаттарга жетип алып, бактылуу карылык көргүм келет», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE